Turmush: Оштогу ашканада иштеген аялды мурдагы күйөөсү сабады: Окуянын чоо-жайы

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында аялды мурдагы күйөөсү сабап салды. Бул тууралуу өздүк булактар кабарлады.

Алдын ала маалыматка караганда, окуя 3-сентябрь күнү Ош шаарынын Авиценна көчөсүндөгү ашканалардын биринин жер төлөсүндө болгон. Күйөөсү мурдагы аялынын иштеген жерине барып, балдардын күбөлүгүн сурап, өзү жашаган айылдагы мектепке окутарын айткан. Аял макул болгон эмес. Ортодо келишпестик жаралып, ал ага кол көтөргөн.

Ашканада чогуу иштегендер көчөдө иштеп жаткан адамдарды жардамга чакырышкан. Жардамга келген адамдар алардын ортосунда арачы түшүп, аялга кол көтөргөн мурдагы күйөөнүн өзүн сабап койгону айтылууда.

Бул маалыматты Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктап, эки тарапка тең соттук-медициналык экспертиза дайындалганын билдирди.

«Окуя боюнча аял кишиден мурдагы күйөөсүнүн үстүнөн арыз түшкөн. Ал эми мурдагы аялын сабады деген жаран арачы түшкөн адамдардын үстүнөн арыз жазган. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Аталган жубайлар 4 жыл мурун сот аркылуу ажырашкан. Ортолорунда 4 бала бар. Аялга кол көтөргөн адам Алай районунун тургуну экени айтылууда. Аял Кара-Суу районунун тургуну. Ал акыркы убакта ал Ош шаарындагы ашканалардын биринде ашпозчу болуп иштеп жүргөн.

Пример HTML-страницы

Буга чейин 31-авгукстта Нарын шаарындагы базардагы ашканада 41 жаштагы аялга бычак сайылганы кабарланган.

Маалым болгондой, ал күнү саат 11:00 чамасында милицияга шаардагы «Он-Арча» базарында аялды жолдошу бычак менен сайып салыптыр деген маалымат түшкөн. Ал жерге тергөө тобу барып, Нарын шаарынын тургуну 1982-жылы туулган тургуну М.Н. «Он-Арча» базарындагы ашканада ашпозчу болуп эмгектенген, 1983-жылы туулган жубайы С.А.ны ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн бычагы (маки) менен сайып салгандыгы аныкталган. Аялы Нарын облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 5-7-пункту (бейбаштык жана өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү) менен кылмыш иш козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️