Turmush: Ошто жетекчи айымга салынган 1,1 миллион сом айып пул: Облустук соттун өкүмү чыкты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык мэриясынын муниципалдык менчик жана шаар куруу бөлүмүнүн башчысы Канышай Имаровага карата Ош облустук сотунун өкүмү чыкты. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облустук соттун 2024-жылдын 28-августундагы өкүмүнүн негизинде Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 10-майындагы И.К.К., А.Р.А., М.К.Б. жөнүндөгү өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

«Ош шаарынын бөлүмүнүн прокурорунун апелляциялык сунушу, айыпталуучулардын апелляциялык даттануулары канааттандыруусуз калтырылды» — деп айтылат маалыматта.

————————————————————

Turmush басылмасы буга чйин 2023-жылдын сентябрь айында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берүү менен Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурунку орун басары М.К. менен тендерден уткан компаниянын өкүлүнө Ош шаардык прокуратурасы коррупция боюнча кылмыш иш козгогонун жазган.

Пример HTML-страницы

2023-жылдын 1-мартында Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгы 4 эвакуатор сатып алуу тууралуу тендер жарыялаган.

Тендерге катышууга 3 компания билдирме берген:

— «Аксы Транс Строй» ЖЧКсы 18 млн сом сунуштаган. Компаниянын жетекчиси жана түзүчүүсү катары Жакыпбекова Айжамал Жакыпбековна көрсөтүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу;

— «Планета Групп» ЖЧКсы 18 млн 800 сом сунуштаган. Компаниянын жетекчиси жана түзүчүүсү катары Мансиркулов Бексултан Маматжанович көрсөтүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу;

— «Экстра Строй» ЖЧКсы 19 млн 936 миң сом сунуштаган. Компаниянын жетекчиси жана түзүчүүсү катары Эркебаев Айбек Камчыбекович көрсөтүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү: имараттарды жана турак жайларды куруу.

Тендерден 18,8 сом сунуштаган «Планета Групп» компаниясы уткан. Ош шаардык прокуратурасы сапатсыз техника алып келүү фактысы боюнча кылмыш иш козгоп, материалдар Ош ШИИБге өткөрүлүп берилген.

————————————————————

2024-жылдын май айында Ош шаардык соту Ош мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Канышай Имаровага 1 млн 100 миң сом айып салуу боюнча чечим чыгарганы белгилүү болгон.

Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Тurmush басылмасына тастыктаган маалымат боюнча, Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысынын мурдагы орун басары М.К.Б [Матиев Курсантбек Борошевич] Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын сатып алуулар бөлүмүнүн адиси А.Р.А. [Атабаев Расул Абдуманович] жана Ош шаардык муниципалдык менчик башкармалагынын башчысы И.К.К.га [Имарова Канышай Камботоевна] карата Ош шаардык сотунун чечими чыккан.

Ош шаардык сотунун 2024-жылдын 10-майындагы өкүмүнүн негизинде М.К. Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренесинин (шалаакылык ) 2-бѳлүгү (этиятсыздыктан оор залал же өзгөчө оор залал келтирген жосун) менен күнөөсүз деп табылып, анын жосунунда кылмыштын курамы жок болгондуктан акталган.

И.К. Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) 2-3-бѳлүктѳрү, 346-беренесинин (кызматтык жасалмачылык) 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылган.

И.К.га Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-3-бѳлүктѳрү менен 10 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган, тактап айтканда мамлекеттин пайдасына 1 000 000 сом ѳндүрүлүүсү белгиленген.

Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренесинин 2-бѳлүгү менен 5 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган, тактап айтканда мамлекеттин пайдасына 500 000 сом ѳндүрүлүүсү белгиленген.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде биротоло 11 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган, тактап айтканда мамлекеттин пайдасына 1 100 000 сом ѳндүрүлүүсү белгиленген.

А.Р. Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин (кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү) 4-бөлүгү, 337-беренесинин (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-3-бѳлүктѳрү, 41-беренесинин 4-бѳлүгү, 346-беренесинин (кызматтык жасалмачылык) 2-бѳлүгү, 370-беренесинин (соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбоо) 1-бѳлүгү менен күнөөлүү деп табылган.

Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бѳлүгү, 337-беренесинин 2-3-бѳлүктѳрү менен 10 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 41-беренесинин 4-бѳлүгү, 346-беренесинин 2-бѳлүгү менен 5 000 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып салынган.

Кылмыш-жаза кодексинин 370-беренесинин 1-бѳлүгү менен 1 жыл эркиндигинен ажыратуу жазасы дайындалган. Кылмыш-жаза кодексинин 67-беренесинин 4-бѳлүгүнүн 1-пунктунун негизинде эркиндигинен ажыратуу жазаны жалпы тартиптеги түзѳтүү абактарында ѳтѳѳсү белгиленген.

«Кыргыз Республикасынын конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына жана Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 75 жылдыгына байланыштуу мунапыс жѳнүндѳ» мыйзамдын 1-беренесинин 1-бѳлүгүнүн 4-пунктунун негизинде Р.А. дайындалган эркиндигинен ажыратуу жазасынан бошотулган.

Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин негизинде кылмыштардын жыйындысы боюнча жарым-жартылай кошуу менен биротоло 10 500 эсептик кѳрсѳткүчтѳгү айып, тактап айтканда 1 050 000 сом мамлекеттин пайдасына ѳндүрүү белгиленген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️