Turmush: Ошто М.Мырзакматовдун жакындарына катталган 2,5 га жер боюнча сот иштери жүрүүдө,

Turmush: Ошто М.Мырзакматовдун жакындарына катталган 2,5 га жер боюнча сот иштери жүрүүдө, Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи районундагы Насирдин Исанов көчөсүнүн эки жээгине аллея курулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин бүгүн, 16-февралда аталган кичи районго барганда белгилүү болду.

Мэрдин айтымында, Н.Исанов көчөсүнүн эки жээгиндеги кызыл сызыкка чыгып кеткен курулуштар алынат.

Ал Оштогу жогорку окуу жайлардын ректорлору менен бирге аталган окуу жайлардын имараттары жайгашкан жерге барып, айрым курулуштар бузуларын кошумчалады.

«Бул жерде азыр 12 үй, 2 кафе, автоунаа жуучу турган жайлар бар экен. Баарын кайра муниципалдык менчикке алууга аракет кылабыз. Анткени бул жак бүт жашыл аймак, бак болуш керек. Кыйшак жерлерди тегиздетүүнүн кереги жок. Жер кандай болсо, ошол боюнча калтырып, бак болуш керек», — деди ал.

Журналисттер тарабынан Ак-Бууранын жээгинде вице-мэр Нурбек Кадыровго да тиешелүү жер бар экени тууралуу айтылып, анын тагдыры эмне болоруна кызыгышты.

Өз кезегинде Нурбек Кадыров: «Ал жер менин туугандарымдыкы эмес, мамлекеттин жери. Ижара эсебинде пайдаланып жүрүшөт. Сиз эртең менен көрдүңүз го», — деди.

Жеңишбек Токторбаев: «Ал жер 1 гектар 30 сотых жер экен. «Бонецкий» деген оорукана [лаборатория] турган жер. Алар 1 гектар 30 сотых жерге айына 20 миң сом төлөйт экен. Анын төмөн жагындагы 5 чарчы метрде жайгашкан дүкөндөр айына 10 миң сом төлөп жатышат. Айына 200 миң сомдон төлөйсүң, ошондо бир жылда 2 млн 400 сом болот деп айттым. Кыжалат болбогула», — деди ал.

Мэр андан ары Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун жакындарына катталган жерлерге барды.

«Мурда бул жерди бир нече скважиналар жайгашкан экен. Буга чейин 2 скважина мэриянын балансына өтүптүр. Азыр дагы бир скважина боюнча сот иштери жүрүп жатыптыр. Ошондо жалпы 2,5 гектар боюнча сот иштери жүрүп жатат. Эң таза суу ушул жердердеги скважиналардан чыкчу экен. Менин оюмча, Мелис Жоошбаевич [Мырзакматов], өзү деле эл үчүн деп берсе керек. Биз дагы аракет кылып, мэриянын балансына алабыз», — деди ал.

Бул арада «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Адилет Мокеев 2,5 гектар жердин тарыхы боюнча айтты.

«2,5 гектар жер союз убагында «Ош-Жибек» («Таатан» соода борбору) ишканасын суу менен камсыз кылып турган жер болгон. Ишкана жеке менчикке сатылганда 2,5 гектар жери кошо сатылган», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️