Turmush: ОшМПУда кыргыз тилин даңазалашты

Акыркы жанылыктар

TurmushОш мамлекеттик педагогикалык университетинде 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү белгиленип, анын алкагында университеттин чоң жыйындар залында адабий кече өткөрүлдү.

Иш-чарага тарых илимдеринин доктору, профессор Балтагул Нурунбетов жана окуу жайдын ректору Бекмурза Зулуев баштаган профессордук окутуучулук жамаат, студенттер катышты.

Саамалык мамлекеттик гимн менен башталып, кечени университеттин ректору Бекмурза Зулуев ачып берди. Ал жалпы жамаатты тил майрамы менен куттуктап, өз сөзүндө коомчулукта адабий тилде сүйлөө муктаждыгы бар экендигин айтып, тилди урматтоо, сыйлоо, аны бузбай кийинки муунга өткөрүп берүү парз экендигин белгиледи.

Андан соң студенттер тарабынан эне тилди даңазалаган майрамдык салтанат уюштурулуп, мында катышуучулар тарабынан «Манас» эпосунан үзүндү айтылып, поэзия окулуп, тилдин улуулугун, маанилүүлүгүн даңктаган сахналык көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле жаш таланттар обондуу ырларды жаңыртып, бий бийлешип, кыргыз улуттук кийимдер көргөзмөсүн тартуулашты.

Аталган иш-чара «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо максатында Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 10-сентябрындагы буйругунун негизинде уюштурулду.

Пример HTML-страницы

Буга чейин окуу жайда «Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун» аталышында 10 күндүк декада жарыяланган. Анын алкагында ачык тарбиялык сааттар өткөрүлүп, ыр, дил баян жазуу сынактары уюштурулуп, тегерек стол, дискуссиялар өтүп, тилчи-окумуштуулардын эмгеги тууралуу көргөзмөлөр көрсөтүлгөн. Аталган сынактардын жеңүүчүлөрү бул кечеде диплом жана баалуу белектер менен сыйланды.

1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети «Кыргыз ССРнин мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамын кабыл алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️