Turmush: Ош шаарындагы көчөдө 170 дарак кыйылып, 1,4 миллион сомдук зыян келтирилген: Иликтөө жүрүп жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын Амир-Тимур көчөсүндөгү дарактар мыйзамсыз кыйылып, өсүмдүктөр дүйнөсүнө 1 млн 480 миң зыян келтирилди. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маселенин чоо-жайын сураштырды.

Маалым болгондой, буга чейин мэрия Амир-Тимур көчөсүн толук капиталдык оңдоп-түздөөдөн өткөрүү жумуштары башталганын кабарлаган. Жумуштардын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөрү белгилүү болгон. Учурда аталган көчөнү кеңейтүү, жолдорду сүрүп, тазалоо иштери жүрүүдө. Көчөнүн эки жээгиндеги ондогон дарактар кыйылды.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош аймактык башкармалыгы дарактар мыйзамсыз кыйылгандыгын тастыктап, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян кетирилгендигин билдирди.

Маалыматка караганда, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Амир-Тимур көчөсүндөгү жолду кеңейтип, реконструкциялоо иштерин жүргүзүүдө жолдун эки жээгиндеги 171 даана ар кандай дарактарды (анын ичинде өзгөчө баалуу 5 жаңгак бар) мыйзамсыз түрдө, экологиялык уруксаты жок техниканын жардамы менен алып салуу фактысы аныкталган.

«Натыйжада Кыргыз Республикасынын Өсүмдүктөр дүйнөсүнө 1 млн 480 миң 898 сомдук зыян келтирилгени эсептелип, зыянды төлөтүү үчүн материалдар Ош ШИИБге өткөрүлүп берилген», — деп айтылат маалыматта.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынан билдирүүсү келип, катталганын билдирди. Анда Ош шаарынын мэриясынын Сулайман-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыгынын Амир-Тимур көчөсүнө барып, жеринде караган учурда аталган көчөнү реконструкциялоодо долбоору мамлекеттик экологиялык экспертизадан өткөрүлбөй, жолдун эки жээгинен 126 түп «ясень» дарактары, орточо жоондуктары 11 дарак, орточо жоондуктагы 7 түп терек, орточо жоондуктагы 5 түп чынар дарак, орточо жоондуктагы 17 түп тыт жана орточо жоондуктары 5 түп жаңгак, жалпы 171 түп дарак техниканын жардамы менен тамыры кошулуп жулунуп, уруксат кагазы жок кыйылганы аныкталган. Натыйжада 1 млн 480 миң 898 сом 11 тыйын зыян келтирилгени эсептелген.

Пример HTML-страницы

«Ошондуктан өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген 1 млн 480 миң 898 сом 11 тыйын зыян ким тарабынан келтирилгендигин аныктап, мыйзам чегинде чара көрүп, мамлекеттик бюджеттин эсебине өндүрүп берүүнү суранып кеткен. Жогорудагы факты боюнча мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнө дарактарды жана бадалдарды мыйзамсыз кыюу фактысы менен катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иши жүруп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын милдетин акаруучу Темирлан Бакалов аталган иштер боюнча маалыматы жок экенин белгиледи.

Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы маалыматты вице-мэрлер берерин билдирди. Бирок бул тармакты тейлеген вице-мэр Замир Юсуповдон маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Темирлан Бакалов Амир-Тимур жана А.Мамыров көчөлөрүн оңдоп-түзөө иштери башталганын кабарлаган.

Бул жолдор буга чейин Кара-Суу районуна караштуу болчу, алар Ош шаарынын аймагына кошулган.

Жолдорду оңдоого тендер жарыяланып, China Road and Bridge Corporation in Kyrgyzstan [«China Road And Bridge Corporation in Kyrgyzstan» өкүлчүлүгү («Чайна роад энд брайдж корпорэйшн ин Кыргызстан») компаниясы жеңген. Тендердин суммасы — 586 млн 38 миң 516,60 сом.

Аталган компаниянын түзүүчүлөрү катары «Автоунаа жолдорун долбоорлоо жана издөө боюнча биринчи институт» ЖЧКсы жана «Кытайдын коммуникация жана курулуш компаниясы» ЖАК көрсөтүлгөн.

Т.Бакаловдун айтымында, жолдордун курулушу болжолдуу 8 айга созулат.

«16-сентябрдан тарта Амир-Тимур (Калинин) көчөсүн толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү жумуштары башталды. Жумуштардын алкагында тротуарларды, аялдамаларды куруу, ирригациялык, коммуналдык тармактарды орнотуу, жашылдандыруу иштери жүргүзүлөт.

А.Мамыров көчөсүнүн узундугу 2400 метр, Амир-Тимур көчөсүнүн узундугу 1800 метр. Бүткөрүү убактысы болжолдуу 8 айга барат, себеби асфальттоо иштери кышында жүргүзүлбөйт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️