Turmush: Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынышы керек,

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар алынышы керек. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташив кечээ, 19-июлда Ошто өткөн жыйында билдирди.

«Бизде Суу чарбанын өзүнүн жобосу бар. Ошонун негизинде ошол сайлардын, суу каналдардын кайтарылуучу зона деп коет, жээктерде 50 метрден кийин гана курулуш жүрүш керек. Ошону такташыбыз керек. Эгер ошол ушул убакка чейин сакталбаган болсо мындан ары ушуну сактагыла.

Акимдер, айыл өкмөттөр суунун жээгине, сел ташкыны боло турган жерден жер тилкелерди бербейсиңер. Эгер бере турган болсоңор, сөзсүз ӨКМ менен кеңешкиле.

Кооптуу жерлерге чайканаларды, тапчандарды курууга тыюу салынат. Ар бир айыл өкмөт аймагыңарды карагыла. Эгер тилиңерди албайбы анда укук коргоо органдарына кайрылгыла», — деди Ташиев.

————————————-

Пример HTML-страницы

Буга чейин 18-июль күнү Ош шаарында борбордук базардын айланасында Ак-Буура дарыясынын үстүнө курулган мыйзам көпүрөлөр алына баштаган.

Маалым болгондой, бул иштерге соодагерлер каршылыгын билдирип чыгышкан.

«Бул жердин барын бузуп салышыптыр. Макул, бизге келип 3-4 күн мурун эскертүү берсин. Биз товарларды алып чыгып кетмекпиз. Бүгүн келип эскертүүсү жок эле баарын бузуп жатат. Бизге башка жерден орун таап берсин, макул көчүп кетебиз. Азыр эми товарлар менен кайда барабыз», — деген соодагер Мирбек Жунусов.

Айрым соодагер айымдар контейнерлердин алынышына каршы болуп чырдашкан.

Ош шаарынын мэриясынын муниципиалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматов бузуу иштери боюнча эскертүү ай сайын берилип жатканын билдирген.

«Азырынча көпүрөлөр бузулуп жатат. Контейнерлерди кийинки иштерде алабыз. Шаардык кеңеш тарабынан бизге «базардагы өз билемдик менен салынган көпүрөлөрдүн бардыгы алынсын» деп тапшырма берилген. Ошонун негизинде бүгүн иш-чара башталды. Азыр көпүрөнүн үстүндөгү соода түйүндөрү алынып жатат (көпүрөнүн үстүндөгү контейнерлер). Мыйзамдуу курулган гана көпүрөлөр калат дагы мыйзамсыз деп табылгандар бузулат. Азыр болжолдуу түрдө 10го жакын көпүрөнү бузууну карап жатабыз. Бул болжолдуу гана. Азыр архитектура иштеп жатат, комиссия түзүлгөн. Ошол комиссиянын негизинде алына турган участкалар гана алынат», — деген Пирматов.

14-июлда Ош шаарында катуу сел жүрүп, Ак-Буура дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, борбордук базарды жана Навои паркын каптаган. Селдин кесепетинен парктагы аттракциондорду да кыян суу каптады. Ошондой эле Ак-Буура дарыясында жайгашкан 2 көпүрөнү сел алып кеткен.

Ош шаардык мэриясынын маалыматына караганда, Ош шаарынын борбордук базарында жалпы соода багытында 842 контейнер болсо, анын ичинен 785 контейнерди суу каптаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️