Turmush: Ноокенде адам өмүрүн алган сел: Тазалоо иштери улантылып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокен районундагы айылдарда селдин кесепеттерин тазалоо иштери улантылып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-июнда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, Момбеков айыл өкмөтүнүн Бостон, Эски-Кочкор-Ата айылдарында 94 турак жайдын короо-жайына, анын ичинен 27 үйдүн ичине сел киргени аныкталды. Чоң техникалардын жардамында 16 турак жай, 1 социалдык объектинин короо-жайлары тазаланып, сел алган ички чарбалык жолдор калыбына келтирилди.

Дарыгерлер жергиликтүү тургундардын ден соолугун көзөмөлгө алып, селге агып өлгөн мал-жандыктар коопсуз жайга чыгарылып, аталган аймактар тиешелүү адистердин жардамында заласыздандырылууда.

Кечээ, 17-июнь күнү саат 17:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан улам Ноокен районуна караштуу Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата жана Бостон айылдарында сел жүрдү.

ӨКМдин маалыматына караганда, сел жүргөн аймактан 300гө жакын үйдүн жашоочулары эвакуацияланган. Алар үйлөрүнө кайтып келе башташты.

Пример HTML-страницы
  • Эски-Кочкор-Ата айылында 2014-жылы туулган Э.Ж. аттуу баланы сел агызып каза болду.

18-июнда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Эделбек Кулматов башында турган куткаруучулар, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана жарандык коргоо кызматтары тарабынан тактоо жана келтирилген материалдык чыгымдарды эсептөө жумушу жүрүүдө.

Жалпы 150 адам, 18 инженердик техника тартылып, селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.

Сел каптаган Бостон айылында 2143, Эски-Кочкор-Атада 500 кожолук бар.

  • Буга чейин 22-апрелде дагы Ноокен районунун Эски-Кочкор-Ата айылында сел жүрүп, жергиликтүү тургундар эвакуацияланган. ӨКМ Бостон айылында жайгашкан селден коргоочу тосмону суу жеп кеткендигине байланыштуу Эски-Кочкор-Ата айылынын тургундарына кооптуу абал жаралып, 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияланганын кабарлаган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️