Turmush: Ноокаттагы жол жана үйлөрдү каптаган сел: Тазалоо иштери улантылат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushКечээ, 18-июлда Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, кечээ, саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Жийде айылында сел жүрүп, Ош—Баткен—Разаков унаа жолунун 57 жана 63-чакырымдарын каптап, каттам убактылуу жабылган. Борбаш жана Сарыканды айылдарына сел түшүп, аталган айылдарда 18 үйдүн короо сарайына кирген. Найман айылында каналдан суу ашып, 18 үйдүн коро сарайына жана 9 үйдүн жер төлөсүнө сел кирген. Борбаш айылында (Тешик-Таш тилкеси) сел жүрүп, унаа жолду каптап, каттам убактылуу жабылган.

Сел жүргөн жерлерге куткарыуучулар, техникалар тартылып, саат 23:45те унаа жолдун 57-чакырымы эки тараптуу ачылган. Ал эми 63-чакырымында каттам жок. Бирок Найман жана Жайылма айылдары аркылуу айланма жол бар. Түн киргенине байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулган. Борбаш, Сарыканды менен Найман айылдарында үйлөрдү тазалоо иштери жүргүзүлгөн. Тешик-Таш тилкесинде жол каттам эки тараптуу ачылган. Тазалоо иштери бүгүн, 19-июль күнү да улантылат.

  • Саат 20:50 чамасында катталган шамал Борбаш айылындагы мектептин 20 даана шиферин учуруп кеткен.

Мирмахмудов айыл аймагы: Кечээсаат 22:20 чамасында Кара-Кокту айылында Ноокат—Араван унаа жолунун 13-чакырымында сел жүргөн. Үйлөргө зыян келтирилген эмес. Унаа жолу ачык. Капчыгай айылында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Тартылган күч каражаттын жардамында коркунучтар жоюлган. Сел суулары өз нугунда кеткен.

Бел айыл аймагы: Кечээ саат 20:45 чамасында Ош—Баткен—Разаков унаа жолунун 55-чакырымында жана Бел-Кайрагач айылынын Күнгөй бөлүгүндө сел жүргөн. Үйлөргө зыян келтирилген эмес. Суу 2 гектар үлүш жерди каптаган. Жолду тазалоого куткаруучулар, техника тартылып, жолдун 55-чакырымы эки тараптуу ачылган.

Пример HTML-страницы

Окуя тууралуу:

ӨКМ кечээ, 18-июлда саат 20:15 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Ноокат районунун Көк-Жар айыл аймагынын Жийде айылында сел жүргөнүн кабарлаган.

Маалыматка караганда, сел Ош—Баткен—Разаков унаа жолунун 55, 57 жана 63-чакырымдарын каптап, каттам убактылуу жабылган. Унаа жолду тазалоого №37 Жол тейлөө ишканасынан грейдер, жүктөгүч жана айыл аймактан экскаватор жана куткаруучулар тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️