Пример HTML-страницы

Turmush: Ноокатта кыздын сөөгү табылып, 2 өспүрүм селге агып кетти,

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун Ноокат районунун аймагында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Мындан улам болжолдуу 7-8 жаштагы кыз агып кетип, сөөгү табылганын жерлериктүү тургундар билдиришти.

7-8 жаштагы кыздын жансыз денеси Абшыр-Ата айылынын Үч-Терек бөлүгүнүн Абшыр-Ата сел сайынын жээгинен табылган. Абшыр-Ата сел сайына 13 жаштагы 1 баланын жана 15 жаштагы дагы бир баланын агып кеткенин жергиликтүү тургундар көрүшкөн.

Бул фактты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыктап, андан башка эки өспүрүм балдардын селге агып кеткени боюнча маалымат бар экенин кабарлашты.

Бүгүн, 28-июнь күнү болжол менен саат 16:10 чамасында Кулатов айыл аймагында Абшыр-Ата айылына тоого жааган жамгырдын кесепетинен Шаран-Сай сайына сел түшкөн.

Абшыр-Ата айылында 1 даана ички чарбалык көпүрөнү, 1 даана ДЭП-37 ишканасына караштуу көпүрөнү, 10 турак үйдүн сарайына, 10-15 РЭСке караштуу мамыларды сел суулары агызып кеткен. Учурда аталган аймакта жол эки тараптуу жабык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE