Turmush: Нарындын эки районуна караштуу Ак-Сай өрөөнүнө мамлекет тарабынан көңүл бурулбай келет,

TurmushНарын жана Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан Ак-Сай өрөөнүндөгү негизги көйгөй — жол маселеси жана тейлөө пункттарынын жоктугу. Бул тууралуу аталган өрөөндүн жашоочулары билдиришти.

Баш-Кайыңды айылынын тургуну Бектурган Асанов төмөнкүлөргө токтолду.

«Биз турган жер Ак-Сайдын жаңы маданий борбору. 20 жылдан бери ушул жерде жашап келебиз. Тамдардын эскилиги жеткен, катуу суук болот. Өкмөттөн жардам болбой келет. Жолубузду күрөп берсе жакшы болот эле. Март жана апрель айлары жолдун абалы жаман болуп, шамал үйлөп, унаалар өтө албай, кыйынчылыктар жаралат. Унаада аял кишилер, бала-бакыра болушу мүмкүн. Кокус өтө албай калсак кыйын эле. Кыштоодо мал баккан балдар, чек ара кайтарган жоокерлер бар. Жол маселесинен улам араң каттап турушат. Былтыркы жылы жолубуз каралат дешкен. Бирок дайын жок», — деди ал.

Ак-Сай өрөөнүнүн тургуну Зуура Момушованын айтымында, кышкысын жашоо катаал.

«Малчылар, жолдо жүргөндөр, чет элдик коноктор келип-кетип турушат. Айылга кетиш үчүн бул жерге жол тоскону келишет. Унаа чыкса кетишет, жок болсо чыккычакты бул үйдө жатышат. Биз турган жаңы маданий борбор деп аталган жерде кышкысын 2 үй-бүлө анан фельдшер кыштайт», — деди ал.

Ак-Сайда акушер болуп эмгектенген Бактыгүл Акматова кар калың жааганда жол бүтөлүп, кыймыл жок калышарын айтат.

Пример HTML-страницы

«Мен бул жактагы фельдшер-акушердик пунктта эмгектенем. Жолдошум Насыр Асаналиев электрик болуп иштейт. Заставаларды карайт. Келгенибизге 33 жылдын жүзү болду. Бизде алгачкы жардамга керектүү каражаттар жетиштүү эле. Тез жардам унаадан көйгөй бар. Былтыр унаа берилген. Бирок бузулуп, алынып келбей жатат. Жакын деген чабандарга чейин 15 чакырым жүрүп отуруп барабыз. Малчылар тез жардам келсин дейт. Жолдун жамандыгынан улам унаанын жетиши чоң көйгөй. Кар калың жааганда жол бүтөлүп, кыймыл жок калабыз. Кар бат эрише дагы баткактан улам кыймыл токтойт. Жолубуз чоң маселе болуп жатат», — деди.

Нарын облустук жайыт департаментинин башчысы Абакир Садыровдун айтымында, Ак-Сай өрөөнү облустун 2 районуна караштуу аймак.

«Азыркы тапта дубан башчыбыз Ак-Сайга көңүл буруп, жайыттарды сактоо жана башка багытта сунуш, тапшырмаларын берип, иштерди алып барып жатат. Ак-Сай облустун 2 районуна тийиштүү аймак болуп саналат. Анын 200 миңдей гектары Нарын районуна караса, 135 миңдейи Ат-Башы районуна тийиштүү. Тактап айтсам, Нарын районунун Чет-Нура, Эмгекчил, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Ак-Кудук айылдарына тийиштүү жайыт жер. Мурда аталган 5 айылдан 54 малчы барып жайлап, кыштап келген. Азыр бул алыскы жайыт болгон Ак-Сай, Көк-Кыя аймагында жайыттын баары бош турат. Эмне себептен бош турат дегенде, бир катар көйгөйлөр бар. СССР убагында малчылар барып жашап, малын бакканга жакшы шарт түзүлүп турган. Эки район амагында 2 маданий борбор, соода борборлору, медициналык пункт, мейманкана, китепкана, мончо, газ пункттары болгон. Убакыттын өтүшү менен ал жакта шарт түзүлбөй калган. Экинчиден, Ак-Сайга баруучу жолдун катаалдыгынан, абалынын начардыгы да чоң көйгөй болууда. Ушул жана башка себептер менен малчылар барбай жатышат.

Алардын жашоосуна шарт түзүлсө, шарт түзүп дегеним мурдагыдай тейлөө пункттары иштеп, жол түртүлүп турса, малчылар барып кыштап, жайлашмак. Мында ички, ортоңку жайыттар сакталып, жайыт көйгөйлөрү четинен чечилет эле. Жогорудагы себептер менен чабандар качып, ички, ортоңку жайыттарга малын кармап жатышат», — деди ал.

Нарын шаарынын тургуну Бакыт Асакеев СССР тарагандан бери Ак-Сайга мамлекет тарабынан көңүл бурулбай калганын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө Ак-Сай малчылардын жайлоосу жана кыштоосу болгондуктан, жайы-кышы менен мал көп болуп, малчылар жашашат. Чек арачы дагы болуп эсептелет. Кышкысын суук -40…-50 градуска чейин жетет. Чындыгында эле СССР тарагандан бери бул өрөөн мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, «Кароосуз калган Ак-Сай» болду. Андан бери жол бир дагы ирет оңдолуп-түздөлө элек. Жылына бир жолу грейдер менен сүрүп койсо деле болмок. Бирок бул иш жасалбай келет. Ак-Сайга 2 жол менен барууга болот. Кышында Кында ашуусу жабылып калат. Малчылар Торугарт жагы менен узак жол басып барышат.

Ушундай татаал өрөөндө жашап жаткан малчылар үчүн СССР учурунда жакшы шарттар түзүлгөн болчу. Жаңы маданият борборунда дүкөн, маданий клуб, медпункт, мейманкана, байланыш түйүнү, мончо жана башкалар малчыларга кызмат көрсөтүп турчу. Азыр болсо анын бири жок. Жаңы маданият борборунда фельдшер, электрик гана бар.

Чек арага жетиштүү көңүл бурулбайт. Ак-Сайдагы Көл-Тетири (Кел-Суу) көлүнө барууну каалаган туристтердин саны жылдан жылга өсүүдө. Керек болсо, кышкысын дагы барууну каалагандар көп. Болгону жол азабынан коркуп бара албай жатышат.

Кышында бир унаа менен барган өтө кооптуу. Ошондуктан 2 унаа менен барууга туура келет. Жайкысын мындан тышкары Кызыл-Аскер, Данков, Верный чокуларына альпинисттер көп барышат. Мына ушул себептер менен Ак-Сай жолдорду оңдолсо, келген коноктордун саны өсмөк.

Туристтерди тосуу, тамак берүү, жаткырып эс алдыруу, атка мингизүү, унаа менен ташуу жана башка иштер менен алектенген жергиликтүү элдин саны жылдан-жылга көбөйүп жатат. Жакшы эле пайда табышат.

Жыйынтыктап айтканда, көптөгөн малчылар жашаган, миңдеген мал-жандыктар жайлап-кыштаган, туристтер көп барган, чек арачылар жашап, иштеген бийик тоолуу аймак болгон Ак-Сайдын абалына, жолуна мамлекеттик деңгээлде өзгөчө макам берүү менен көңүл бурулса, жергиликтүү элге, чек арачыларга, чет элдик жана ички конокторго жакшы болмок», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️