Turmush: Нарындагы баатыр энелер орденди өзгөртүп берүүнү суранышууда: Себебин айтышты

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарында «Баатыр эне» ордендин алган апалар төш белгинин сапаты боюнча кайрылуу жасашты. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Күлай Бейшеналиева көп жылдар эмчи айым болуп эмгектенип, 1999-жылы ардактуу эс алууга чыккан. «Баатыр эне» 2 уул, 5 кызды тарбиялап, эрезеге жеткирген. Учурда 25 неберенин таене, чоң энеси. Ал баатыр энелерге берилип жаткан ордендерди өзгөртүп берсе деген пикирин билдирди.

«Баатыр энелердин ордени боюнча пикиримди айтайын дегем. Орден тагынып жүрүүгө ыңгайсыз, сапаты начар. Чекелеринин баары карайып кетти. Орто жери сапсары, ичиндеги жазуусу өчүп калды. Орденди 2016-жылы алгам. Мамлекет карап, ыңгайлуу, сапатуу кылып жасап берсе жакшы болмок. Мурунку союз мезгилиндеги ордендер тагынып жүрүүгө ыңгайлуу эле», — деди ал.

Ушундай эле пикирлерин Аалиева Насыят, Абакирова Осипа, Берикбаева Айгүл, Дүйшөналиева Айнагүл, Дүйшеева Назгүл, Жакеева Шааркүл жана башка апалар билдиришти.

  • 7 же андан көп баланы төрөгөн жана татыктуу тарбиялаган энелер «Баатыр эне» ордени менен сыйланат.

Баатыр энелерге берилип келе жаткан орден

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️