Turmush: Нарын шаарында көлчүккө айланган көчө: Тургундар даттанышууда

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын шаарынын МДС аймагындагы Таалай көчөсү кейиштүү абалда. Аймактык кабарчы жергиликтүү тургундардын көйгөйүп укту.

Алардын айтымында, жашоочулар жергиликтүү бийликке арыз менен бир канча жолу кайрылышса дагы жооп беришкен эмес.

«Мен бул жерге келин болуп келгениме 20 жылдан ашты. Ошондон бери көчө оңолбой койду. Көчөнүн башынан аягына чейин көлчүк. Жумушка барып келгенге мүмкүнчүлүк жок. Унаа менен өтүүгө дагы болбойт. Унаа өткөндө суу чачырайт. Канча жылдан бери эле болгон жерге арыз менен кайрылганбыз. Жылыга эле оңдойбуз дешет, бирок оңдуу жооп жок. Жаан катуу жааганда үйлөргө суу кирет. Баарыбыз күрөк алып алып чыгабыз. Көчөнүн жолун оңдоп берип коюуларын суранабыз. Көчөнүн ортосуна көлчүк пайда болуп калат. Үйгө, жер төлөлөргө чейин суу кирип кетип жатат. Кичинекей балдар дагы ойноого жол жок», — деди көчөнүн тургуну Салтанат Кудайбергенова.

Аталган көчөнүн Ажар аттуу жашоочусу барак тамда жашайт. Алар дагы жолдун азабын жаан жааган учурларда катуу тартып келе жатышат.

Пример HTML-страницы

«Барак тамда көп жылдан бери жашайм. Жолго септик жана башка иштерди жасап алалы десек, келиндердин акчалары жок. Баары тең жөлөк пул менен жашашат. Эптеп жөлөк пулдун акчасын жеткирип жашагандар. Жаан катуу жааганда биздин жер төлөгө чейин суу кирет. Суу каптаса сиңип кете турчу жерибиз жок. Чоңдорго көп эле жолу кайрылдык, арыз жаздык. Ушул көйгөйүбүз чечип беришсе жакшы болот эле. Артыбыздагы борбордук көчөнүн арыгы жакшы казылган эмес. Ошол жактагы суу ашып ал дагы каптайт. Көйгөйүбүз такыр чечилбей жатат. Эч ким деле келбейт», — деди ал.

Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматы жакын арада бул көйгөйдү чечүү аракеттери көрүлөрүн билдирди.

«Бул көчө быйыл «Ички көчөлөрдүн асфальты» долбооруна кирген. Асфальтка даярдалган көчө экен. Былтыр асфальттоо иштери болуп, кийин токтоп калган. Быйыл ал иш уланат», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️