Turmush: Мугалимдерге ноутбуктар берилип баштады

Turmush: Мугалимдерге ноутбуктар берилип баштады Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 23-январда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мугалимдерге ноутбуктардын биринчи партиясы таратылды.

Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, ноутбуктарды тапшыруу аземи Каракол шаарындагы №11 мектеп-гимназиясында өттү. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева жана тиешелүү жетекчилер катышты.

Ноутбуктар STEM (химия, физика, биология, география) окутуучулары үчүн Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технопаркында чогултулду.

Иш-чарада «Алтын казык» программасынын алкагында 192 даана ноутбук берилди. Алар электрондук отчетторду даярдоо жана санариптик платформалар, анын ичинде «Санариптик кампа» жана «Электрондук күндөлүк» тиркемелери менен иштөө үчүн колдонууга берилди.

—————————————————————

Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги 20-январдан тартып STEM мугалимдерине жаңы ноутбуктар берилерин билдирген.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева 14-январда жогорку окуу жайлардын биринде иштеп жаткан технопаркка барып, мугалимдер үчүн бериле турган ноутбуктарды чогултуу процессине күбө болгон.

Технопарктын директору Касымбек Келебаев 2 күндө 300дөй ноутбукту чогултуп, сыноо тестине коюшканын билдирген.

Өз кезегинде министрдин орун басары технопаркта чогултулуп жаткан 3400 даана ноутбук ушул жылдын 20-январынан тартып STEM мугалимдерине бериле баштай турганын айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️