Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Turmush: «Манас Ата» кафесин буздурууну көздөп жатышат: Учурда эмне белгилүү?

Акыркы жанылыктар

Turmush«Манас Ата» кафеси боюнча Ош шаардык сотуна кайрадан доо арыз жөнөтүлдү. Бул тууралуу Архитектура жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык архитектуралык-курулуштук көзөмөл башкармалыгынын башчысынын орун басары Жайнак Абдраев билдирди.

Анын айтымында, сотко доо-арыз бир апта мурун жөнөтүлгөн.

Ал эми Ош облустук сотунун басма сөз кызматы: «Доо арыз келе элек. Же соттун өндүрүшүнө алына элек болушу мүмкүн», — деп билдирди.

Аталган башкармалык буга чейин «Манас-Ата» кафеси боюнча эки ирет доо арыз менен Ош шаардык сотуна кайрылган. Эки жолу тең шаардык сот доо арыз артка кайтарган.

—————————————

Буга чейин Ош шаардык сотунун басма сөз кызматы Ош шаардык соту архитектуралык-курулуштук көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын «Манас-Ата» кафеси боюнча жазган арызын кароосуз калтырганын билдирген.

Маалыматка караганда, архитектура башкармалыгы сотко доо-арыз берүүдө тиешелүү далилдерди көрсөткөн эмес. Мындан улам сот аталган башкармалыкка доо-арыздагы кемчиликтерди оңдоо үчүн 10 күн убакыт берген. Бирок эч кандай аракет болгон эмес.

Архитектуралык курулушту көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Залкар Азимовдун айтымында, сотко «Манас Ата» кафеси документте көрсөтүлгөн багытында иштесин деген жүйөө менен арыз жазылган.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук мамлекеттик инспекциясы жоюлганына байланыштуу Ош шаарынын мэриясы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдындагы Ош шаардык архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгына А.Шакиров көчөсү 152 дарегинде мыйзамсыз курулган «Манас Ата» кафесинин имаратын баштапкы калыбына келтирүү боюнча доо арыз менен сотко кайрылууну тапшырган.

  • 2022-жылы 30-июнда Ош шаардык прокуратурасы Ош шаарынын мэринин (Алмазбек Мамбетов), Энергетика министрлигинин алдындагы Энергетика көзөмөлү боюнча кызматтын Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгынын жетекчисинин, «Ошэлектр» ААКтын башкы директорунун (Мырзабаев Данияр Рыскелдиевич) атына сунуштама жөнөткөн.

  • Катта прокуратура алардан техникалык шарттарды жокко чыгарып, коммуналдык түйүндөрдөн өчүрүп, кызыл сызыкка чыккан коомдук тамактануу түйүнүн бузуп жана баштапкы калыбына келтирүү боюнча сотко доо арыз менен кайрылууну сураган.

Буга чейин аталган кафеде журналисттер менен администратордун ортосунда кайым айтышуу болгон. Журналисттер кафедеги санитардык нормаларды текшерүүнү көздөп, бирок имаратка кире алышкан эмес.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл кызматы кафени текшерип, ээсине жана башкы ашпозчуга айып пул салган. Кафенин ишин токтотуп, суу жана электр энергиясын берүү токтотулган.

Кафенин боюнча ишти Ош шаардык мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлгөн.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE