Turmush: Майрам Акаева, Татьяна Бакиева сыяктуу, мен да Акиева болуп алдым,

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Коңорчок айылынын тургуну Бермет Акиева 23 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Акиева Бермет Курманбековна 1977-жылы 13-май күнү Чүй облусунун Токмок шаарында туулган. 1984-жылы аталган калаадагы №7 орус мектепке, андан кийин Калиновка айылындагы №22 орто мектепти аяктаган. 1994-1998-жылдары Агроакадемиясынын (азыркы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети) экономика факультетинде, 1998-2000-жылдары ушул эле академиянын магистратурасында, 2001-2003-жылдары Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин орус тили жана адабият бөлүмүндө билим алган. 2001-2005-жылдары Чолок-Кайың айылынын Бердалы Календеров атындагы орто мектебинде, 2005-жылдан бери Коңорчок айылындагы Насипа Жыргалбекова атындагы орто мектебинде орус тили жана адабияты боюнча мугалим болуп эмгектенип келет.

1998-жылы турмуш жолуна аттанып, Арстанбек Акиев аттуу жаран менен баш кошкон. Учурда 4 уул жана 1 кыздын энеси. Жолдошу Арстанбек Акиев буга чейин Коңорчок айыл өкмөтүнүн жана Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген. Учурда айыл чарба иштери менен алектенет.

«Мектепте окуп жүргөн кезимде эле орус тили жана математика сабагына аябай кызыкчумун. Анткени бул сабактардан билим берген мугалимдерибиз абдан күчтүү болчу. Өзгөчө, орус тил сабагы боюнча райондук, облустук олимпиадаларга барып, 1-орунду алчу элем. Ушундан улам мугалимдик кесипке кызыгуум пайда болгон. Мындан сырткары, чоң атам Болотбек Исаков эл мугалими болуп, эл ичинде кадырлуу адам болгон экен. Балким, ал дагы таасир этсе керек. Негизи Ак-Талаага келгенде биринчи алган экономист кесибим боюнча жумуш жок болгондуктан улам, кайрадан мугалимдик кесип боюнча билим алууга туура келген. Учурда мугалимдик кесипти аркалап жүргөнүмө, ушул кесип боюнча билим алганыма кубанам», — деди ал.

Бермет Акиева окуучулардын жараткан ийгиликтери мугалимдин ийгилиги катары эсептелерин айтты.

Пример HTML-страницы

«2001-жылы Чолок-Кайың айылынын Бердалы Календеров атындагы орто мектебине мугалим болуп кирип, кирген жылы эле 9-класста окуган окуучум райондук олимпиадада орус тили боюнча 2-орунду алып келген. Ал учурда сыналгы болгону менен, 1-2 эле канал тартып же интернет деген жок. Окуучуларга орус тилин үйрөтүү кыйын эле болчу. Ошентсе дагы, окуучуларды орус тилине кызыктырып, ар кандай сынактарды өткөрүп турчумун. Учурда интернеттин таасири менен окуучулар орусча жакшы түшүнүп калышты. Бир топ окуучуларымды райондук жана облустук олимпиадаларга алып барып, 1-2-3-орундарды алып келип жүрүштү. Ошол орус тилинен олимпиадаларга катышып, алдыңкы орундарды камсыздап жүрүшкөн окуучуларым азыр орус тили боюнча мугалим болуп иштеп жүрүшөт. Атап айтсам, Бурул Атабекова учурда Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде мугалим, дагы бир окуучум Нарында, 2 окуучум Бишкек шаарында мугалим болуп эмгектенип жатышат. Мен алар менен сыймыктанам. Быйылкы окуу жылында окуучум Камила Бактыбек кызы орус тили боюнча райондук жана облустук олимпиададан 1-орунду ээлеп, республикалык олимпиададан 3-орунга ээ болду. Быйыл 11-классты бүтүп, орус тил жана адабият жагына тапшырып, мугалим болууну көздөп жатат. Ишимдеги жетишкендиктери үчүн райондук билим берүү бөлүмүнүн, облустук усулдук билим берүү борборунун, Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын ардак грамотасы, ошондой эле билим берүү жана илим министрлигинин «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгисин алгам», — деди ал.

Бермет Акиева кол өнөрчүлүк менен дагы алектенип, боз үй жабдууларын жасайт.

«Волейболго аябай кызыгып ойнойм, менин хоббим десем болот. Ошондой эле, жаш кезде көркөм гимнастика менен алектендим. Анан эми, ар бир эле кыргыздын аялзаты кол өнөрчүлүк менен алектенсе керек. Мен дагы бул өнөрдөн алыс эмесмин. Өзгөчө тигүүчүлүк менен алектенем. Өзүмө юбка, балдарыма чыптама жана башка кийимдерди тигип алам. Мындан тышкары, боз үй жабдууларын жасай алам. 10 жылга чукул убакыт болуп калды окшойт. 100 баш боз үйүбүз бар эле. Уук, кереге, түндүгү эле бар болчу. Жүн алдырып, кийизин жасап, айтор боз үйдүн туурдук, үзүк, түндүк жабуу жана башкаларынын бардыгын өзүм жасап чыккам», — деди ал.

Ал окуучуларга эки нерсени туура тандоого чакырып келет.

«Окуучуларга эки багытты туура тандагыла деп көп айтам. Биринчи кесипти, экинчи өмүрлүк жубайын туура тандагыла дейм. Өзүм мугалимдик кесипти туура тандагам деп эсептейм. Анткени мугалимдин баскан-турганы, жүрүм-туруму, кулк-мүнөзүң, сүйлөгөнүң, коомдогу ордуң, билимиң окуучуга өтө чоң таасир этет. Окуучу мугалимге таасирленип тарбия, билим алат экен да. Окуучу — бул куш сыяктуу. Куш бир канаты менен уча албайт. Кушка эки канат керек. Ошондуктан окуучунун бир канаты мугалим, экинчи канаты ата-энеси болуусу кажет. Ата-эне дагы баскан-турганы, жүрүм-туруму, сүйлөгөнү, коомдогу орду аркылуу балага үлгү боло алат. Куштун бир канаты жаралуу болбой, эки канаты бирдей болсо куш алыска уча алат дейт элем. Окуучуларды сынактарга, олимпиадаларга алып барган учурларда ата-энелер дагы кызыкдар болушу абзел. Баласына материалдык, моралдык колдоо көрсөтүп коюшса, ал окуучу ийгиликке жетет. Кээде окуучулар ата-энелерине айта албаган сырларын мугалимге айтышат. Мисалы, сабак бүткөн учурда окуучу кыздарды өзүнчө алып калып сүйлөшүп сырдашам. Кээде күлөбүз, кээде ыйлайбыз. Ушундай эле эркек окуучулар менен дагы өзүнчө сүйлөшөбүз. Билим берүүдө Гапыр Мадаминов агайдын «Акыл эмгегинин маданияты» аттуу китебин көп колдоном. Ал китепти окуучуларга окуп берем. Экинчиси, өмүрлүк жубайын туура тандоо. Анткени жолдошум Арстан Акиев 31 жашында айыл өкмөт башчы кызматына келди. 3 жолу Коңорчокко, 1 жыл ирилештирилген Кара-Бүргөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеди. Жаш кезибиз, ал ишине байланыштуу сыртка көп чыгат. Кээде үйгө кеч келет, кээде келбей калат. Ошонун бардыгын туура түшүнүшүп жашадык. Жетекчи болгондон кийин үйгө дагы көп конок келет. Күндүз мектепте болуп, түнү менен даярданып, эртеси конок тосконго дагы жетишип жүрдүм. Албетте, Арстан дагы үйгө балдарына камкор, үйгө карамдуу күйөө болду. Үй-бүлөсүнө дагы, жумушуна дагы бирдей карап, жетишчү. Анын жумушун дагы туура түшүнүп, колдоо көрсөтүп жүрдүм. Жакшы жагы, жолдошум менин ишиме, мен анын ишине кийлигишкен жокмун. Ошондон улам, кесибимди жана жолдошумду туура тандагам деп баса белгилегим келет», — деди Б.Акиева.

Бермет айым жолдошунун фамилиясына эмне себептен өткөндөгүн айтты.

«Жолдошумдун фамилиясына өтүп алганымдын себеби кадыресе эле көрүнүш деп эсептейм. Анткени ата-энем союз учурундагы тарбия менен жашады. Өзүм дагы союз учурунда чоңойдум, тарбия алдым дегендей. Өзүм 7 бир тууганмын, 6 кыз жана 1 эркек. Эжелерим дагы күйөөлөрүнүн фамилиясы өтүп алышкан. Жолдошумдун фамилиясына өтүүмө ата-энем каршы деле болгон жок. Аскар Акаев — Майрам Акаева, Курманбек Бакиев — Татьяна Бакиева деген сыяктуу эле, мен да Акиева болуп алдым. Өзүмдүн фамилиям Осмонова. Мунун эч кандай одоно нерсеси жок», — деп сөзүн жыйынтыктады Бермет Акиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️