Пример HTML-страницы

Turmush: Лейлектеги дыйкандар өстүргөн пияздарын жыйнабай, талааны трактор менен айдатып салып жатышат: Себеби айтылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushЛейлек районундагы дыйкандар пияз арзан болгондуктан түшүмдү жыйнабай, талааны трактор менен айдап салып жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, дыйкандар жыл сайын эрте жазда пиязды казып алып, айдоо аянтынан эле соода кылышат. Быйыл да эрте жазда башталган терим уланып жатат. Бирок баа кескин арзандап, пияздарын трактор менен айдап салышууда. Анткени баа аны терип, жыйноо иштери кеткен чыгымды актабайт. Тактап айтканда өткөн жылы 20-30 сомдон сатылган пияздын баасы быйыл 5 сомго түшкөн.

Жергиликтүү тургундардын бири Айтбек Мурзамуратов кампаларда өткөн жылдагы түшүмдөр сакталып калгандыктан баа арзан болуп жатканын айтты.

«2 гектар аянтка пияз айдайм. Бизде жергиликтүүлөрдүн басымдуусу пияздан киреше таап тиричилик кылышат. Өткөн жылы 1 кг 21 сомдон саттык эле. Быйыл баа 5 сомго түшүп калды. Жерди айдатып, теримге киши жалдайбыз. Бул баа ошол акчаны да актабайт. Тескерисинче биз чыгаша болуп калабыз. Эгер баа 12-15 сомдон болсо анда өзүн гана актайт, бирок таза киреше болбойт. Себеби дары беребиз, киши жалдайбыз. Талаага унаа менен каттаганга күйүүчү майдын чыгымы бар.

20-майдан тарта пияз жыйноо иштери башталган. Азыр 40% жыйылды. Түшүмдүүлүк аз. Өткөн жылы түшүм көп болуп, кампаларда да сакталуу экен. Баа ушундан улам түштү. Былтыркы пияздар түгөнө элек, суроо-талап аз. Жылда түшүмдү Казакстан жана Россияга, өлкө аймагына сатчу элек. Азыр эми баа арзан болгондуктан дыйкандар трактор менен эле айдап салышууда. Анткени жыйналбай гүлдөп кетет, мында түшүм жакшы болбой калат. Терип алганы өзүбүз жетишпейбиз, башка айылдардан киши жалдайбыз. Анан аларды бул эгин талаага алып келүү үчүн посттон өтөбүз. Ал адамдарды унаалардын арткы багаждарына салып айдаганыбыз үчүн айып пул салышат. Аны үчүн көп кишилик унаа жалдаш керек болот. Мындай айтканда саткан акчабыз бул чыгашаларда актабайт. Тескерисинче чыгаша тартабыз», — деди Айтбек Мурзамуратов.

  • 11-июнда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда пияздын баасы 6 сомго чейин арзандап, дыйкандар чыгымга учурап жатканы белгилүү болгон.

Жаздагы түшүм жыйноо

Буга чейин 29-майда Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында пияздар жыйналып жатканы кабарланган.

Жергиликтүү дыйкан Рамазан Шарабидин уулу жылына 50 сотых жеринен 35-40 тоннага чейин түшүм алса, быйыл кыш жылуу келип, салыштырмалуу 20-25 тоннага ашыгырак алам деп болжолдоп жатканын айткан. Жазгы пияздарды жыйноо иштерине жергиликтүү жашоочулардан тартып кошуна айылдардан бери жалданма жумушчулар саатына 100 сомдон иштешет. Дыйкан өндүргөн пияздарын райондун ички базарларынан тартып Бишкек, Ош шаарларына чейин жөнөтөт.

«Быйыл пияз жакшы болду. Бишкектеги тааныштарым менен сүйлөшсөм ал жакта пияздын баасы 18-20 сомдон экен. Буйруса пиязды 60-65 тонна өндүрсөк жакшы эле киреше табабыз деген ниеттемин», — деген ал.

Жазы эрте келген бул өрөөндө чөп чабык жана пияз жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүүдө. Жазы эрте келген Кулундуда 2 жолу түшүм алса болот.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Кулунду айыл аймагында 200 гектарга жакын аянттан дыйкандар быйыл 3500 тонна жаңы бышкан пиязды коңшу өлкөлөргө экспортоону пландап жатышат. Өткөн жылы дыйкандар пиязды жеринен 30-40 сомдон сатышкан.

—————————————————

Кулунду айылынын түптөлүшү 1950-жылдарга барып такалат. Ушул мезгилдерде Козу-Баглан дарыясынан суу тартуу үчүн канал казуу иштери башталып, 1953-жылдын 30-апрелинде Кулунду каналы пайдаланууга берилген. 2013-жылы аталган каналдын 60 жылдык мааракеси болуп, мамлекеттик жетекчилер катышып кеткен.

Элеттигелердин саны 10 миңге жакын. Түндүгүнөн Тажикстан менен чектешип, чек ара аймагында жайгашкан айылдардын катарына кирет. Анда 3 орто мектеп, медресе, оорукана, маданият үйү жана Кулунду айыл өкмөтүнүн имараты бар. Жайы ысык, кышы суук. Айылдыктардын көпчүлүгү дыйканчылык менен алектенгендиктен айрым дыйкандар жылына 3 жолу түшүм алышат. Дан өсүмдүктөрү, дарбыз, коон, өрүк, кокон гилас, пахта жана башка мөмө-жемиштер бышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE