Turmush: Кызыл-Кыяда өмүр менен кош айтышкан 4 адам: 29 жаштагы жигит кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 18-октябрда түнкү саат 02:50 чамасында Кызыл-Кыяда шаарында 4 адам каза болгон унаа кырсык боюнча айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү «Мерседес-Бенц» унаасынын 29 жаштагы айдоочусу кармалды. Учурда бул иш боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Окуя тууралуу:

Буга чейин түнкү саат 02:50 чамасында Кызыл-Кыя шаарындагы унаа кырсыктан улам 4 адам каза болгону кабарланган.

Маалыматка караганда, кырсык Ош–Баткен–Раззаков унаа жолунун Кызыл-Кыя шаары аркылуу өткөн 76-80-чакырымында болгон. Ноокат районунун Төөлөс айылынын 29 жаштагы Ж.Н. аттуу тургуну өзүнүн «Мерседес-Бенц-211» үлгүсүндөгү унаасы менен батыштан чыгышты карай бара жатып, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Натыйжада каршы багытта келе жаткан, Кызыл-Кыя шаарынын 57 жаштагы И.А.нын «Хонда Стэпвэгон» үлгүсүндөгү унаасын сүзгөн. Анын кесепетинен 4 адам каза болуп, дагы 4 адам ооруканага жеткирилген.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️