Turmush: Кыргызстанда Афганистан деген атка конгон аймак: Ал кайсы жерде?

TurmushПрезиденттин Нарын облусунда ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев Нарын шаарынын тургундары менен жолукту.

Маалым болгондой, анда кароосуз калып калк арасында Афганистан деген атка койгон аймактагы жол, суу маселелери айтылды. Нарын шаарынын Ак-Коргон чөлкөмүнүн жашоочулары каналдын боюндагы таштандылар адамдардын өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын белгилешти.

«Ак-Коргон аймагында 2 көчөдөн сел жүрүп келген жана сел жүрүү коркунучу чоң. Ушул аймакта суу коё берерден мурда каналдар тазаланган жок. Кээ бир жерлери чукуп, казып туруп таштандылары жүктөп кетпей ошол бойдон калды. Эми ошол таштандылар элдин ары-бери өтүшүнө тоскоолдук жаратып жатат», — деди алар.

Нарын шаарынын тургуну Бактыгүл Жумабаеванын айтымында, «Мегаком» компаниясы бузуп кеткен көпүрөнү калыбына келтирбей жатат.

«Мен Чоң-Алыш көчөсүндө жашайм. Ошол жакта «Мегаком» уюлдук операторунун антеннасы бар. Бул компания столбаларын сүйрөп бара жатып көпүрөнү ылдый кылып түшүрүп салышты эле. «Мегакомго» бир нече ирет кайрылдык эле. Ошол жерге жарыгын коюп бер деп кайрылды эле анысын ылдый каратып коюп койду. Алар деле тоготпой койду бизди. Көпүрөнү дагы калыбына келтирип беришпейт. Ушул боюнча көзөмөлдөп, колго алып берсеңер жакшы болот эле», — деди ал.

Нарын шаарынын тургуну Букайдан Казакбаеванын айтымында, ал жашаган аймак кароосуз калып, Афганистан деп аталып калган.

Пример HTML-страницы

«Бул аймак каралбай, начар акыбалга келип калгандыктан эл арасында Афганистан деп да аталып калды. Мындан 2 жыл мурун таза суу чыгарабыз деп жерибиздин, жолубуздун баарын казып кеткен. Ошол боюнча тоо тарап жакка суу дагы чыккан жок. Ал эми жолубуздун кебетеси ыйлагыдай абалды турат. Эч ким басып келип карап койгон жок. Эптеп өзүбүз салып аткан жолубузду дагы бузуп салышкан. Биз жакка жолу жаман деп такси да барбайт. Маршрутка каттайт. Эптеп аны менен ары-бери жүрөбүз. Кээ бир күндөрү маршрутка менен жүрүп жумуштан кечигип дагы калабыз.

Анан чоң жолдон биздин аймакка бурулганда көпүрө бар. Анын дагы эскилиги жеткен. Унаалар кышкысын тайгаланып аңга кирип кеткен учурлар катталды. 200дөй түтүн жашаган бул жерде балдар ойноочу аянтыбыз дагы жок. Ичкен суубуз таза эмес. Анын кесепетинен балдарыбыз тез-тезден ооруга чалдыгышат. Бул маселе мэр тийиштүү деп ойлойм. Биз жакка келип, көйгөйлөр менен жеринде таанышып, чечип берүүңүздөрдү сурайбыз», — деди Казакбаева.

Нарын шаарынын мэри ушул жекшемби күнү аталган аймактагы жергиликтүү тургундардын көйгөйү менен жеринде таанышып, маселени чечүүнү колго аларын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️