Turmush: «Кыргызстан боюнча канча жаранды алдагандыгын билбейбиз»: Б.Аалиевди камоону талап кылышууда

TurmushБүгүн, 17-март күнү Ош шаардык сотунун алдына ондогон адам чогулуп,«С-Лайн» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин ишин токтотулуусун, анын жетекчисине карата сот адилеттүү чечим чыгаруусун талап кылышууда.

Нааразы болгондордун бири Меликан Набиев «С-Лайн» кооперативи Ош шаарында 100дөн ашык жаранды алдагандыгын, алардын акчасын кайтарып берүүсүн талап кылып чыгышкандыгын айтты.

«Ош шаарында эле 100дөн ашык адамды алдаптыр. Кыргызстан боюнча канча жаранды алдагандыгын билбейбиз. Дагы аз эле жаран арыз жазганбыз. Биз кооперативдин жабылуусун талап кылабыз. Элдин акчасын кайтарып берсин», — деди М.Набиев.

Чогулгандар «Соттон адилеттүү чечим күтөбүз!», «Сот туура чечим чыгарсың» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат.

Ош шаардык соту Аалиевдин баш коргоо чарасын бүгүн карайт.

Буга чейин Turmsuh басылмасы үй алып берүүнү убадалаган «S-LINE» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Пример HTML-страницы

Маалыма болгондой, көпчүлүк жарандар бул кооператив тарабынан убадаланган үйгө жетпей, укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышкан. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Ош шаарынын аймагынан жарандарга үй алып берүүнү убадалап, бирок аны аткарбастан, алдап жүргөн шектүү — «S-LINE» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин 1994-жылы туулган жетекчиси А.Б. кармалып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бүгүнкү күндө аталган кооперативдин үстүнөн 24 жарандын арызы бар. Алар алгач 218 миӊ сом акча төлөп, андан соӊ ай сайын кооператив тарабынан белгиленген сумманы төлөп турушкан. Жабырлануучуларга келтирилген зыян бүгүнкү күндө бир нече миллион сомдон ашкан.

Бул кооператив алдамчылык менен алектенген «финансылык пирамида» катары иш жүргүзгөн деп шектелип жатат. Алгачкы тергөө иштери көрсөткөндөй, үй алууга муктаж катары келген жана акча төккөн айрым гана жарандарга үй алып беришип, көпчүлүк жарандарга үй тийген эмес.

«S-LINE» турак жай кооперативинин жарандарга койгон шарттары боюнча: «Турак жай алуучулар алына турган турак жай үчүн жалпы баасынан 50 пайызын төлөгөн учурда 2 ай ичинде, 25 пайызы төлөнгөн учурда 4 ай ичинде калган суммасын турак жай кооперативи тарабынан төлөнүп, 3 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө насыя берилип, турак жайлуу болушат», — деп убадалашкан. Бирок аталган сумманы төккөн жарандардын маселеси бир нече айларга созулуп бара жаткандыгына байланыштуу арыз менен кайрылышкан.

Аталган окуя боюнча тийиштүү материалдар топтолуп, Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинде («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») көрсөтүлгөн белгилер менен кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «S-LINE» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин түштүк аймактык филиалы 2020-жылдын 23-сентябрында ачылып, 2022-жылдын 1-февралына чейинки мөөнөттө иш алып барган. Бул убакыт аралыгында кооперативге жалпысынан 102 жаран турак жай үйүн алуу үчүн кайрылып, алар кооперативдин мүчөлөрү (пайщик) катары кооператив менен келишим түзүшүп, мүчөлүк акы катары 218 000 сом өлчөмүндөгү акча каражатын, андан сырткары алына турган үйдүн баасынан 25%-35% жана 50% чейинки өлчөмүндөгү төлөмдөрдү кооперативге төлөп турган.

Жабырлануучуларга келтирилген зыян бүгүнкү күндө 40 млн сомдон ашып жатат.

15-март күнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан «S-LINE» коммерциялык эмес турак жай кооперативинин төрагасы — Бишкек шаарынын тургуну А.Б. тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн тергөөгө камсыз кылынды жана 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тийиштүү тергөө аракеттери жүрүп жатат.

Бүгүнкү күндө бул жана ушул сыяктуу турак жай кооперативдеринен алданган жарандар көп экенин эске алуу менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жабырлануучу жарандардан башкармалыктын тергөө кызматына арыз менен кайрылууну суранат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️