Пример HTML-страницы

Turmush: Кыргыз милициясына 98 жыл: Ош ОИИБдин кызматкерлери сыйланды

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 1-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы кесиптик майрамды белгилөөнү кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин айкелине гүл чамбар коюп, аларды эскерүү менен баштады.

Аталган иш-чарага Ош ОИИБдин башчысы Жеңишбек Абитов, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн бөлүм башчысы Абдималик Нурматов, милициянын отставкадагы генерал-майору Расул Раимбердиев баш болгон ички иштер органдарынын ардагерлери, ошондой эле облустук мекеме-уюмдардын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.

Салтанаттуу иш-чарада башкармалыктын жетекчиси сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын милициясынын өнүгүүсүнө салым кошкон Ош ОИИБдин кызматкерлеринин орду бийик экендигин баса белгилеп, алардын эл кызматындагы түйшүктүү жана жооптуу ишине ийгилик каалап кетти. Ошондой эле кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыктары, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жана коомдук коопсуздукту сактоодо зор салымын кошкондугу үчүн бир катар кызматкерлерге ИИМдин төш белгилери, ардак грамоталары тапшырылып, кезектеги аскердик наамдары ыйгарылды.

Кесип ээлерин келген коноктор куттуктап, баалуу сыйлыктарын тапшырды. Майрамдык иш-чара салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE