Turmush: Кулпунай өстүрүүдө кошуна өлкөлөр атаандаштык кылат,

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Арал айылынын тургуну Рустэм Кашкарбаев кулпунай өстүрүүнү колго алды. Ар баарынан да кыйын ишти баштоо экенин айтат.

«»Мен 1979-жылы Жумгал районунун Чаек айылында туулгам. Азыркы тапта багбанчылык менен бирге дыйканчылык менен да алектенип жатам. Кулпунайга кызыгып, алектенип баштаганыма 2 жыл болду. Бул идея көптөн бери бар эле, бирок “кимге сатам? Өзүм базарда отуруп сатып каламбы?” деген суоолор болду. Анын ютуб каналдардын биринен Бектемир аттуу жигит: “көчөттөр бар, алып тиккиле, бышканда мөмөсүн мен алам” деп чыгып калды. Ошентип, кулпунайды дүңүнөн ала турган адам бар экенин билип, баштайын деп чечтим», — деди ал.

«Жерди күчтөнтүү үчүн 2-3 жылдык кык чачып айдатабыз. Дөбөчө жасап, тамчылатма шлангилерин орнотуп, плёнка жабабыз. Көчөт тигердин астында, ар бир көчөттүн астына 200 грамм биогумус салабыз. Мөмөнү сортуна жараша жакшы эле берип жатат. Бир түптөн 400-500 грамм, 800 граммдан 1 килограммга чейин берген да сорттор бар. Жазкысын бир берген КСД сортторду жакшы карасаң, 2000-2500 көчөттөн 1 тонна алсаң болот.

Алгач 20 соток жер менен баштаганбыз. Баарынан да кыйыны жаңы ишти баштоо эмеспи. Мен бул этаптан өттүм, бул да болсо чоң жетишкендик деп билем. 2 жыл ичинде өзүбүз көчөт чыгарып, 50 соток жерге чыктык. Быйыл баалар төмөн болуп, ойдогудай болгон жок. Казакстан, Россия, Азербайжан, Өзбекстанда көп тигишиптир, баарыныкы бир учурда бышты. Атаандаштык күч болуп, баа аябай түштү.

Мындан сырткары, айыл тиричилик эле, мал бар жана башка иштер бар. Айылда негизи иш бүтпөйт. Бош убакытта меники балык улоо менен өтөт, жаратылыш, суунун жееги, тынч. Сонун эс алам. Келечектеги максатым эл катары эле, чакан бизнес ачып же ушул ягодный бизнести чоңойтуу», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Рустэм Кашкарбаев үй-бүлөлүү, үч кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️