Turmush: «Кримтөбөлдүн оң колу болгон адам абышка жана кемпирди өлтүргөн»: Т.Жумадыловдун жумуш учурундагы окуясы

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну Талантбек Жумадылов 36 жыл милиционер болуп иштеген. Ал өзүнүн өмүр жолу жана кесибиндеги урунттуу учурлар тууралуу аймактык кабарчыга айтып берди.

«Мен 1964-жылы жарыкка келгем. Мектепти аяктаган соң 1983-жылы аскерге жөнөдүм. Украина жергесинде кызмат өтөп жаткан учурда Ооганстанга жөнөтүштү. Ал жакта 1 жарым жыл жашыруун кызматта чалгындоочу, бөлүмдүн командири да болдум. Биз кызмат өтөп кетип жатканда аскердик билетке маалымат берүүгө болбойт деп жазылган. Мекенге кайткандан кийин Темир айылындагы мектепте пионер уюмунун жетекчиси болуп иштеп жүрдүм. Андан соң Крымдагы «Артек» эс алуу жайында да пионер уюмунун жетекчиси болуп иштедим. Кийинчерээк Пржевальск азыркы Каракол шаарындагы педогогикалык окуу жайында психолог адистигин алып чыктым», — дейт ал.

Талантбек Жумадыловдун педагогикалык багыттагы иши бааланып, ички иштер кызматына сунуш менен кызматка алынган.

«Мен 1991-жылы орус тилдүү милиционерлерге кыргыз тилинен сабак берип баштадым. Ошол эле жылы аймактык тескөөчү болуп иштеп баштагам. 10 жыл кылмыш иликтөө бөлүмүндө, 9 жыл Сверлов РИИБде иштегем. Өтө оор кылмыштардын бетин ачтык. Андан соң экспертиза жана криминалистика бөлүмүндө иштеп баштадым. 2013-жылдан тарта Бишкек ШИИБде бөлүм башчы болдум», — дейт Т. Жумадылов.

Кесип тандоодо ата-энесинин кызматы таасирленткен.

«Менин атам-энем соттук-медициналык экспертиза жаатында иштешкен. Балалыгым өлүкканада өттү десем болот. Алардын иши болсо, мен ээрчип барам. Мектеп учурунда чоң энемдикине кетчүмүн. Кийин криминалдык эксперт болгондо мен үчүн чоочун иш болгон жок. Атам да акылын айтып, иштөөгө оңой болду десем болот. Ишим аркылуу Россия, Америка, Кытай, Түркия жана Беларуссияга билимимди жогорулатуу үчүн окууга барып, эл-жер көрүп иштедим», — дейт ал.

Пример HTML-страницы

Каарманыбыз иш учурундагы урунттуу учурларын айтып өттү.

«Криминалдык эксперт болуп иштеп жатканда 50дөн ашык оор кылмыштын бетин ачтым. Анын ичинде ошол кездеги кримтөбөлдүн оң колу болгон адам абышка жана кемпирди өлтүрүп качкан. Аны да кармагам. Биздин жумуш кооптуу жана жоопкерчиликтүү десем болот. Өлкөдө биринчи жолу болгон терактта кызды куткаргам. Анда террористтер кызды барымтага алып, акча талап кылышкан. 1990-жылдары жокчулуктан адамдар кылмышка көп барышчу. Анда техникалык базабыз жупуну эле. Азыр техника баары бар, иштөөгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлгөн», — деди ал.

Талантбек Жумадылов кесиби аркылуу кадыр таап, балдары анын кесибин улантууда. Жалпы 60ка жакын медалдын ээси. Анын ичинде милициянын отличниги, криминалдык экспертизанын отличниги жана кылмыш иликтөө кызматынын отличниги наамдары бар.

«Менин иштеги чоң жетишкендигим 1994-жылы 3 жыл катары менен кылмыш иликтөө кызматында 1-орунду бербегеним үчүн Бишкек шаарынан 2 бөлмөлүү үй белек катары берилген. Балам жана кызым менин жолумду жолдоп, милиция кызматында иштеп жатышат. 2018-жылы ардактуу эс алууга чыктым», -дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️