Turmush: Коргон—Катраң—Баул жолунда сел жүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushЛейлек районунун Коргон—Катраң—Баул жолунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Баткен облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы билдирди

Бүгүн, 24-июнь күнү Баткен облусунун аймактарында катуу жааган жаандан улам сел жүрүүдө.

Аймактык кабарчы билдиргендей, кокту-колоттон түшкөн сел суулары турак жайлардын короолорун каптап, үйдүн ичине чейин кирүүдө.

Буга чейин Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында, Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 288-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам сел түшүп, жол убактылуу жабылганы маалымдалган.

Жолду тазалоо иштерине атайын техника тартылды.

Пример HTML-страницы

Буга чейин Кыргызгидромет 24-25-июнь күндөрү күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️