Turmush: Корей кыздары жолдошумду менден кызганышат,

Акыркы жанылыктар

Turmush«Келинчек» рубрикасынын кезектеги каарманы — Талас шаарынын 21 жаштагы тургуну Айдана Шумкарбекова. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Мен 2003-жылы Талас районунун Ак-Жар айылында жарыкка келгем. Учурда үй-бүлөм менен Түштүк Кореянын борбору болгон Сеул шаарында жашайм. Сеул заманбап асман тиреген имараттары, жогорку технологиялуу метро жана буддисттердин храмдары, сарайлары жана көчө базарлары менен миллиондогон калкы бар гиганттык шаар (мегаполис). Өзүмдүн интернет дүкөнүм бар, анда Кореядан КМШ (СНГ) өлкөлөрүнө товар жөнөтөм. Ал эми жолдошум унаа чыгарган заводдо иштейт», — деди ал.

Каарманыбыз жолдошу менен кантип баш кошуп калганын айтып берди.

«Жолдошум менен Инстаграмм аркылуу таанышып калганбыз. Анын аты-жөнү Тилек Тайсариев, 1999-жылкы болот. Ал Талас шаарынын Көк-Токой айылынын кулуну. Мектепте 11-классты бүтөрүм менен турмуш жолуна узадым. Анткени биздикиндей жалындуу махабат менен баш кошпой коюу мүмкүн эмес эле. Бири-бирибизди алгач көргөндө эле ашык болуп, сезимибизди дароо эле билдирдик.

18 жашка жаңы гана чыкканыма байланыштуу ата-энем менин турмушка чыгуума каршылыктарын көрсөтүштү. Бирок ага карабай, жолдошум экөөбүз үйлөнүп алганбыз. Мындан улам кыз узатуу аземи, үйлөнүү той да болгон жок. Ал эми жолдошумдун ата-энеси биздин баш кошуубузга каршы болушкан эмес. Босогону аттар замат башыма ак жоолук салып, көшөгө тартып, ак баталарын беришти. Сүрөттө көрүнүп тургандай, жолдошумда кыргыз, япон жанан корейдин каны бар. Анын атасы кыргыз, апасы жарым япон жана корей (Токтогул районунда төрөлүп-өскөн) улутунан болот», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Айдана айым кыздарына өзгөчө ысымдар коюлганын белгиледи.

«Учурда эки кызым бар, аттары Айхэ жана Аюми. Кайненемдин аты-жөнү Хе Венера. Менин атым «ай»дан башталганы үчүн кайнатам эки мүчөнү кошуп, улуу кызыбызга Айхэ деген ысым ыйгарган. Ал эми кичүү кызыбыздын атын Аюми деп, япончо койгонбуз. Кайнатам өзгөчө ысымдарды жакшы көрөт, ошондуктан аттары ушундай коюлган.

Кичүү кызымды Кореядан төрөгөм. Мамлекеттен 5 жашка чейин 10 млн вон (626 миң 702 сом) берилет. Ал эми боюңда бар кезде 100 миң сом берет, аны УЗИге, анализге кетирет экенсиң. Улуу кызым 1 жашка чыкканда корейлердин салты менен чоң той бергенбиз. Муну менен катар кыргыздын каада-салттарын да катуу карманабыз», — деди ал.

Анын айтымында, жолдошу Тилекти кореялыктар өз жаранындай кабыл алышкан.

«Жолдошумдун сырткы келбети корейлерге абдан окшош. Менин туугандарым: «күйөөң кыргыз болсо да, кан жагы апасын тартыптыр» деп күлүп калышат. Ал эми Сеулда жүргөндө корей кыздары күйөөмдү кызганып, мени жаман көздөрү менен карап өтүшөт. Менин көзүм салыштырмалуу чоң болуп, айырмаланып турам. Сыягы, башка улуттун кызы келип, биздин балага тийип алыптыр дешет го (күлүп).

Келечекте бир чоң турак үй салып, жашаган жери жокторго жардам берип, тамак-аш менен камсыздап, аларга шарт түзүп бергим келет. Бул мындан 5 жыл мурун апам тирүү кезиндеги кыялдардын бири болчу. Ошол ой-максаттарды жүзөгө ашырууга аракет кылам», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

2019-жылы Turmush басылмасы япон кызы Венера Хе кыргыз элине келин болуп, 4 баланын апасы аталганын жазган.

«Атам япон улутунан, апам корей улутунан. Чоң атам Япониянын Нагасаки деген жеринен экен. Өзү Владивостокто өскөн. Апамдын теги Кореянын борбор шаары Сеулдан болот. Экөө үйлөнгөн соң командировка менен иштегени Токтогулга келип, Токтогулдун өзүндө отурукташып калышыптыр. Атам өмүр бою тарыхчы болуп эмгектенди. Апам болсо лаборант болуп санэпидемстанцияда иштеген. Биз кичинебизден Буддага сыйынчубуз. Кийин апам Ислам динин кабыл алып, орозо кармап, намазга жыгылып калган.

Биз үй-бүлөдө 3 бир тууганбыз. Менден кичүү сиңдим жана иним бар. Баарыбыз кыргыздар менен турмуш курдук. Иним кыргыз кызын алып, сиңдим кыргыз жигитке турмушка чыкты», — деди ал.

Маектин уландысын бул жерден окуй аласыздар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️