Turmush: «Кой аксагы менен миң»: Баңги бизнеске аралашкан погончондор

TurmushУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети баңгизат соодасына аралашкан Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын эки кызматкерин, ал эми Ички иштер министрлиги Ош облустук ички иштер башкармалыгынын үч кызматкерин колго түшүрдү.

Кармалган милиция кызматкерлеринин бири — подполковник, Ош ШИИБдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын башчысы. Ал милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кенже инспектору менен бирге 894 грамм баңгизатты белгиленген жерге бекитип, таратып жаткан жеринен кармалган.

Ошондой эле Баткен облусунда 4-апрель күнү саат 03:20 чамасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында Ош шаарынын 1988-жылы туулган тургуну А.А. «Лексус 330» үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан жеринен токтотулган. Анын ичинде милиция кызматкерлери К.Б., А.А. жана И.Д. болгону аныкталган. Унаага тинтүү жүргүзүлүп, багажынын дөңгөлөк коюучу жайында жалпы 30 даана сары желим баштыкка оролуп, скотчтолгон зат табылган. Алынган заттын жалпы салмагы 30 кг 460 гр түзгөн. Кармалган 3 адамдын бири Ош ОИИБдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча кызматынын бөлүм башчысы, экөө Ош ОИИБдин кызматкерлери. Алардын экөө подполковник болсо, бирөө майор экени айтылууда.

Бул окуялар коомчулукта түрдүү талкуу жаратып, милиция тууралуу терс пикирлерге себеп болду. Айрымдар бул окуяны милициянын кесиптик ишиндеги кадимки көрүнүш катары сыпатташууда.

Мындай фактылар буга чейин да бир нече ирет катталган. ИИМдин ардагери, Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп кеткен Маматай Кукаевдин айтымында, мындай көрүнүштөр милициянын беделин түшүрүп, кесиптик ишине шек келтирет. Ошондуктан милиция кызматкерин жумушка акчасына эмес, акылына карап алуу керек.

«Булар милициянын аброюна көлөкө түшүрдү. Кыргыз милициясына көө жабышты. Мен буларга башка эч нерсе дей албайм. Жетекчилер милициянын аброюн көтөрөм деп аракет кылып жатат. Бирок арасында анча-мынча бар, «Кой аксагы менен миң» дегендей болот экен. Азыр кадрларды даярдоо жакшы эмес. Милицияга жумушка алып жатканда аскерде кызмат кылганбы, моралдык-психологиялык жактан даярбы, үй-бүлөсү жакшыбы караш керек. Жогорку билим, гумандуулук сыяктуу толтура талаптар бар. Ушул талаптарга карап, жумушка алуу керек. Чекеден акчасын алып, жумушка алгандын аягы жакшы болбойт», — деди Кукаев.

Пример HTML-страницы

УКМК тараткан маалыматта жогоруда аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде (баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) кылмыш иши козголгону айтылат.

282-берене. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо

1. Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ошого тете мыйзамсыз өндүрүү же сатып өткөрүү мүлкүн конфискациялоо менен 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

2. Төмөнкүдөй жасалган ошол эле жосундар:

1) адамдардын тобу тарабынан;

2) алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан;

3) ири өлчөмдө — мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Айрым жарандар жана укук коргоочулар милициянын куру дооматына кабылып, камакка алынган учурлар кездешкени айтылат. Жактоочу Хусанбай Салиев «милициянын дооматына кабылдым» деген жарандардын ишин карап, укугун коргойт. Анын айтымында, А.Ш. аттту жаран милициянын ага карата атайын уюштурулган куру дооматына туш болгон. Ал ушул күндө бул окуя боюнча прокуратурага арыз менен кайрылды.

«Мендеги маалымат боюнча, бир кардарым бул боюнча прокуратурага арыз жазган. «Мени милиция кызматкерлери куру дооматка коюшту, текшергиле, менин тиешем жок, мага таштап койду» деп прокуратурага кайрылган. Бул жөн эле сөз эмес, арыз жазган. Биз азыр анын ишин Жогорку сотко берип жатабыз», — деди Салиев.

Ал эми Ош шаардык жана Ош облустук ички иштер башкармалыгынын ардагелер кеңешинин төрөгалары аталган факттар боюнча пикир айтуудан баш тартышты.

  • Ачык булактардагы маалыматтарга караганда, Ички иштер министрлиги өткөн 2021-жылы баңгизатка байланышкан 800дөй факт каттаган. Ошондой эле 3 тоннадан ашык баңгизат алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️