Turmush: Китеп жетишсиздиги: Ак-Суудагы мектептерде жармаңке уюштурулду

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектептерде китеп жетишсиздиги маселесин чечүү үчүн китеп жармаңкеси өтүп жатат.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматына караганда, иш-чара бардык мектептерде уюштурулууда.

«Жармаңкеде ата-энелер өткөн жылы алган китептерин мектептин китепканасына өткөрүп беришти. Айрымдары өз баасынан ылдый сатып, башка китептерди да сатып алып жатышат. Учурда райондо башталгыч класстын окуучулары үчүн китептер жетишсиз. Бүгүнкү күндө башталгыч класстар үчүн «Азбука» китеби алынып келе жатат. Жайында 6-7-класстар үчүн китептер алынып келген», — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️