Turmush: Кичинекей балдарымдын көптүгүн көрүп, такси албай кетти,

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Каракол шаарында быйыл эки айым «Баатыр эне» наамын алышты. Алардын бири Мира Эркинбек кызы.

Эркинбек кызы Мира 1980-жылы 9-майда туулган.

«Жеңиш күнү туулгандыктан таякем тынчтык болсун деп, атымды Мира деп койгон экен. Үй-бүлөдө 5 бир тууганмын», — дейт ал.

Мира айымдын бала кези Түп районунун Долон айылында өткөн. Мектепти аяктагандан кийин Каракол шаарында тикмечи кесибине ээ болгон. Бирок ошол кезде бир тууган сиңдиси ооруп калгандыктан кайрадан айылга барып, аны багып калган. Арадан жылдар өтүп, район борборунда соода кылып жүрүп, жолдошуна кезиккен.

«Бала кезимде өлкөнүн борборунда жашап, Бишкек шаарынын көчөлөрүн кыдырганды кыялданчумун. Турмушка чыкканда жолдошумдун жумушу борбордо болгондуктан ал шаарга да кеттик», — дейт ал.

Түгөйлөр 2 жылдан кийин туң уулду болушкан. Бирок тилекке каршы уулу чарчап калган.

Пример HTML-страницы

«Жолдошум экөөбүз тең капалуу жүрдүк. 3 жылча балалуу боло албай жаттык. «Ушуну менен балалуу боло албай калабызбы» деп, ичимден сызылып жүрдүм. Анан жакшылыктан үмүт кылып, «буюрса көп балалуу болом, тилегимди кабыл кыл» деп жүрдүм. Тилегим орундалып, учурда 8 баланын ардактуу ата-энеси болууга Кудайым жеткирди», — дейт баатыр эне.

Түйгөйлөрдүн көптөн күткөн биринчи кызы Адина Кочконбаева учурда дзюдо боюнча Азиянын чемпиону, өлкөнүн 4 жолку чемпиону болуп, ата-энесинин эле эмес, кыргыз элинин сыймыгы.

«Кызыбыздын атын кайнагам койгон эле. Анткени ошол кезде «Адина» деген ыр жаңы чыгып, ырдалып жаткан кез. Учурда 20 жашта, спорт тармагында билим алып, Каракол шаарындагы №4 мектебинде дене тарбия мугалими болуп иштеп жатат. Мындан сырткары шаардагы жогорку окуу жайлардын биринде юрист адистигине тыштан окуп жатат. Эне кызга жакын болот эмеспи. Азиянын чемпиону, өлкөнүн катары менен 4 жолку чемпиону болгондогуна абдан сыймыктанам. Эне катары ар бир мелдешине бата менен узатып, кубаныч менен тосуп алам», — дейт Мира айым.

Андан эки жыл өтпөй уулду болушкан.

«Ысымы Айбек, бул баламдын атын дагы бир кайнагам койгон. Учурда жогорку окуу жайда билим алууда», — дейт ал.

Учурда каарманыбыз 4 кыз жана 4 уулдун энеси. Кыздарына Адина, Назира, Мадина, Зарина деген ысымдарды ыйгарган. Мадина да дзюдо боюнча машыгып, эжесинин жолун жолдоону кыялданат. Уулдарына Айбек, Анур, Аман, Айдар деген аттарды коюшкан.

«Балдарымдын алдында жоопкерчилик чоң экенин сезем. 8 балама сегиз түрлүү кайрылам. Ар бир баланын кыялы башкача болот. Андыктан эне катары ар биринин тилин тапканга аракет кыласың. Мисалы бирөөнү алдап, дагы бирөөнү эркелетип, бирөөсүнө катуураак тарбия бересиң. Анткени ар бир балага өзүнчө тарбия керек. Жакшы тарбия берүү үчүн ата-эне сабырдуу болуш керек. Ар бирине туура жол көрсөтүп, турмуштан ордун тапканга себепкер болсок, балдар туура тарбияда чоңоюшат», — дейт ал.

Баатыр эне балдары менен өзүн бактылуу деп эсептейт.

«Мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм, уул-кыздарым «апалап» тегеренип турганы чоң бакыт. Башында баатыр эне болууну кыялданган эмес элем, бирок балалуу болгон сайын кыялдандым, кыялым орундалды. Башыбыздан эмне деген кыйынчылыктар өткөн жок. Бардыгына көтөрүмдүү болдук, кыйналган кездерибиз арта калды. Буюрса балдарым аман-эсен чоңоюшса, ден соолуктары менен болуп, андан соң өзүдөрү каалаган окуусун окуп, иштешсе, турмуштарын куруп, бактылуу жашоосун улап кетишсе деген изги тилегим», — дейт ал.

Ал эсинен эч кептпеген көз ирмемдери менен бөлүштү.

«Күндөрдүн биринде беш балам менен жолго чыктык. Жолдон унаа тосуп, төркүнгө бармакпыз. Жолдошум экөөбүз балдарым кичине болгондуктан бирин көтөрүп, экинчисин жетелеп, калганы жөжөлөрдөй ээрчип алып, жол боюнда турабыз. Бир да унаа токтобойт. Бирин-серин такси унаасы токтоп, «аии, ушунча бала мененби?» деп таң калып, албай кеткени эсимден кетпейт», — деди ал.

Мира айым кайненесинин жолун жолдо, көп балалуу болуп отурат.

«Жаңы келин болуп келгенимде кайненем: «көп балалуу болгула, баланын көбү жакшы» деп көп айтчу эл. Кайненем тогуз баланы жарыка алып келген экен. Мен да ага окшоп баатыр эне болуп отурам. Жолдошумдун маңдайымда, балдарым жанымда бактылуу күндөрдү өткөрүп келебиз», — деп сөзүн жыйынтыктады баатыр эне.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️