Turmush: Кеминде таштанды төгүлүүчү жай толуп, эл ууланууда,

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-августта Кемин шаардык маданият үйүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун катышуусунда эл менен жолугушуу өтүп жатат.

Кемин шаардык кеңешинин үчүнчү чакырылышынын депутаты Наталия Дубинина таштанды маселесин айтып чыкты.

«Мага кайрылган жарандардын көйгөйүн айта кетейин. Бул көйгөйдү жергиликтүү бийлик чече албайт. Муну облус башчысы аркылуу чечүү керек. Биздин шаардык таштанды жайыбыз тоо тарапта жайгашкан. Ал толуп бүттү. Ошол жерден дайым жагымсыз жыт жана түтүн келип турат. Жергиликтүү тургундар дем ала албай, ууланып жатышат. Терезени ача албай калдык.

Мен облустун жетекчиси Канат Жумагазиевден суранып кетет элем. Бизге таштанды жайга жер керек. Ошол таштанды жайдан алыс эмес жерде жеке менчик нефти база жайгашкан. Ал жактан истүү (угарный) газ келип жатат. Мен депутат катары барсам, ичине киргизбей коюшту», — деди ал.

Пример HTML-страницы

Өкмөттүн өкүлдөрү бул маселе каралаарын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️