Пример HTML-страницы

Turmush: Кемин шаарында энелерди куттукташты

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусуна караштуу Кемин районунун Кемин шаарында Энелер күнүнө карата майрамдык иш-чара өттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарага Кемин шаарынын мэри Кайрат Абдывалиев жана башка жетекчилер катышып, энелерди куттукташты. Майрамдык иш-чарага катышкан энелерге белектер жана гүл десте берилди.

80 энеге сый тамак уюштурулду. Анын ичинен 21и «Баатыр эне» ордени жана «Эне даңкы» медалынын ээси болсо, калганы эмгектин ардагерлери.

Президенттин жарлыгы менен 2012-жылдан тартып Энелер күнүн белгилөө бекитилген, ал жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE