Turmush: Каракорум эл аралык университети менен НМУнун кызматташтыгы: Тренинг-семинар уюштурулду

Акыркы жанылыктар

Turmush2024-жылдын 21-24-октябрь күндөрү Пакистандын Каракорум эл аралык университетинен доктор Афтаб Акмат-Хан жетектеген делегация Тоолуу аймактагы университеттердин кызматташуу программасынын алкагында С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинде тренинг-семинар өткөрүштү.

Окуу жайдын маалыматы боюнча, бул окутуу билим берүү жана илим тармагындагы заманбап тенденцияларды, инновацияларды жана кызматташтыкты жакшыртууну көздөгөн иш-чара болуп, университеттер ортосундагы билим алмашууну жана пикир бөлүшүүнү активдештирди.

Семинардын негизги темалары:

1. Кампусту башкаруу системасы: мындай системалардын актуалдуулугу жана колдонуу өзгөчөлүктөрү жөнүндө тереңдетилген талкуу болду. Бул университеттин ишмердигин автоматташтырууга, инфраструктурасын эффективдүү башкарууга жана оптимизациялоого жардам берет.

2. Жасалма интеллект: жасалма интеллектти билим берүү процессинде колдонуу ыкмалары, тенденциялары, келечеги жана билим берүү программасында орду, эл аралык стратегиялар жана жасалма интеллекттин куралдары тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Тренерлер AI технологияларынын билим берүү системасына таасиринен сөз кылып, окутуучуларга жана студенттерге жаңы мүмкүндүктөрдү көрсөтүштү.

Пример HTML-страницы

3. Бизнес-инкубаторду жана ишкердикти өнүктүрүү: ишкердикти колдоонун маанилүүлүгү жана бизнес-инкубаторлордун ролу жөнүндө кеңири маалымат берилди. Бул студенттердин ишкердик идеяларын ишке ашыруу үчүн маанилүү деп белгиленди.

4. Окутууну башкаруу системасы: заманбап окутуу платформалары жана ресурстар жөнүндө сүйлөшүлүп, билим берүү процессин санариптештирүү боюнча практикалык сунуштар айтылды.

Тренингдин жүрүшүндө катышуучулар университеттин профессордук-окутуучулук курамы менен таанышуу жана студенттер үчүн ар тараптуу практикалык окууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Ошондой эле, семинардын жыйынтыгы менен эки тараптуу кызматташуу меморандумга кол коюлду. Билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган тажрыйба, ыкма жана натыйжаларды алмашуу, заманбап илимий изилдөөлөр, окутуучу жана студенттик кадрлардын тажрыйбасын жогорулатуу, билим берүү программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, стандарттарды жана инновациялык ыкмаларды өркүндөтүү үчүн академиялык байланыштарды чыңдоо боюнча жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ача турганын белгиледи.

«Каракорум эл аралык университетинин илимий кызматкерлерине жана долбоордун координатору Э.М.Байбагышовго тренинг-семинарларды уюштуруу жана өткөрүүдө көрсөтүлгөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдиребиз. Ушундай иш-чаралар биздин университетибиздин өнүгүүсүнө чоң салым кошот жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. Келечекте дагы натыйжалуу кызматташтыкты улантууга чоң аракеттер көрүлмөкчү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️