Turmush: Кантта айдоочу менен жакалашкан жол күзөтчүсү: ЖКККБ эмне дейт?

TurmushЧүй облсунун Кант шаарынын тушундагы айланма жолдо жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери жакалашып кеткенин күбөлөр билдиришикен.

Ал эми ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери бул боюнча төмөнкүлөргө токтолушту.

«Ал жерде эч кандай уруш болгон эмес. Аталган айдоочу өзүнүнүн кезегин күтпөй, карама-каршы тилке менен постту көздөй өтүүгө аракет кылган. Биздин кызматкерлер, ошол кезекте турган унаалардын ынтымагын сактап, көзөмөлдөп турушат. Алардын документтерин эч ким текшерген жок. Эгер биздин кызматкерлер Ак-Тилек постуна кайрылган жолду көзөмөлдөп, тартипти карабаса, айдоочулар кезекти бузуп, ар бири эле биринчи киргенге жанталашып калышат. Ошондо даана тыгын пайда болуп, баш аламандык болот. Ал эми кезек күтүү бир айдан бери эле созулуп келе жатат. Унаалардын кезек күтүп калуусу биздин кызматкерлердин айынан эмес экени баарына белгилүү», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️