Пример HTML-страницы
Пример HTML-страницы

Turmush: Кадамжайдагы тойдон кийинки окуялар: 122 адам дарыланып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжайдагы «Алмаз» тойканасынан тамакка уулангандардын саны саны 122 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, алардын ичинде 14 жашка чейинки 3 бала бар. 122 адамдын 43ү (2 бала бар) стационардык дарыланууда. Калган 77 адам (1 бала бар) амбулаторду дарыланууда болуп жатат.

Лабораториялык изилдөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгы боюнча, 5 адамдан «Proteus vulgaris» жана «Staphylococcus aureus», 6 адамдан «Proteus vulgaris» бактериясы табылды. Алынган үлгүлөрдөн (кайнатылып бышырылган эт, тоок эти) «Proteus vulgaris» аныкталды.

Муну менен катар жабыркагандардын клиникалык материалдары жана персоналдан ичеги-карын инфекциясынын козгогучуна алынган, объекттен алынган үлгүлөр текшерилип жатат.

Бардык лабораториялык изилдөөлөрдүн жанан эпидемиологиялык текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Мамлекеттик санитардык- эпидемиологиялык көзөмөл жана ооруларды алдын алуу департаменти Кадамжай районундагы тойканада массалык уулануу болуп, 58 адам жабыр тартканын кабарлаган.

Кийинчерээк массалык уулануу болгон «Алмаз» кафеси убактылуу жабылганы такталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы


Пример HTML-страницы



Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE