Пример HTML-страницы

Turmush: Кадамжайда көчөдө өлтүрүлгөн келин: Күйөөсү 13 жылга камалды

Акыркы жанылыктар

TurmushКадамжай районунда аялын өлтүргөн адамга карата кечээ, 22-майда өкүм чыкты. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кадамжай райондук сотунун 22-майдагы өкүмү менен А. уулу Ж. Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси (ден соолукка жеңил залал келтирүү), 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту (өзгөчө мыкаачылык менен киши өлтүрүү) менен күнөөлүү деп табылды. Кылмыш-жаза кодексинин 77-беренесинин (кылмыштардын жыйындысы боюнча жаза дайындоо) негизинде белгилинген жазалар жарым-жартылай кошулуп, биротоло мүлкүн конфискациялоо менен 13 жылга эркиндигинен ажыратылып, 30 миң сом айып пул салынды. А. уулу Ж.нын эсебинен жабырлануучунун мыйзамдуу өкулдөрүнүн пайдасына 100 миң сом моралдык зыян өндүрүлгөн.

————————————————————

Окуя тууралуу:

Буга чейин январь айында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы келин Айкыз Калмурза кызынын өмүрү кыйылганы кабарланган.

Маркум келиндин жакындарынын айтымында, аны 2-январь күнү көчөдө качып бара жаткан жеринен өзүнүн күйөөсү өлтүргөн. Маркум келин сүйлөө мүмкүнчүлүгү жок, 1-топтогу майып болгон.

«Карындашым дүлөй, сүйлөй албайт болчу. Жолдошу да ошондой өзүнө окшош эле. Ал Кара-Суудагы майыптыгы бар балдарды окуткан интернатта билим алды. Ал жерде 16 жашка чейин эле окутат. Андан кийин өзү таанышкан, азыркы күйөөсүнө турмушка чыккан эле. Тең-теңи менен деп күйөөгө бергенбиз. Буга чейин да чыр-чатак көп болуп, анын ур-токмогунан бир жолу ооруканага да жатып чыккан.

Анан ушул январь айынын башында эжелерине күйөөсү менен урушуп жаткандыгын кабарлаган. Бирок дайымкы эле уруш деп маани бербептирбиз. Ал 3 күн токмоктолгон. Кийин качып бара жаткан жеринен кармап, чачынан сүйрөп, башын жанчып, муунтуп өлтүргөн. Ал жерде кичине кызы да болгон. Алыстан келе жаткан айылдаштары көрүп чуркап келгенде, күйөөсү качып кеткен. Тез жардам менен ооруканага алып барганда каза болгон экен. Алдыда сот туура чечим кылып, күнөөлүү жазасын алсын. Бул оор кылмыш, ошого жараша жазалансын», — деген анын бир тууган агасы Нургазы Пиржанов.

  • Маркум Айкыз Калмурза кызы 2001-жылы Кара-Бак айылында туулган. 7 бир туугандын кенжеси. Кичинекейинде апасынан ажыраган, 1-топтогу майып болчу. Күйөөсү менен 2 кыздуу болгон. Улуусу 6 жашта болсо, кичүүсү 3 жашта.

Кийинчерээк Баткен ОИИБ 2-январда Кадамжайдын Ирелеш айылында 23 жаштагы майып жубайын уруп өлтүрүүгө шектелген адам кармалганын кабарлаган. Ал аялы менен көчөдө бара жатып, пикир келишпестиктен улам уруша кетишкен. Күйөөсү аялын муунтуп, келин окуя болгон жерде каза болгон.

«Бул жагдай боюнча 122-берененин 1-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголду. Шектүү катары күйөөсү Ж.Г. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Учурда тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө», — деп айтылган билдирүүдө.

Кадамжай райондук Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын Үй-бүлөнү колдоо жана балдарды коргоо бөлүмүнөн бул боюнча маалымат беришкен. Анда маркум Айкыз менен күйөөсү чогуу жашабай калганы такталган. Экөөнүн кыздары Айкыз менен кетүүгө макул болушпай, көнбөгөндүктөн атасы жана чоң энеси менен калышкан. Себеби кыздарды туулгандан бери чоң энеси карап жүргөндүгү аныкталган. Кийин кыздардын чоң энеси келини Калмурза кызы Айкыздын атасы келип, кыздардын кичүүсү Ж. кызы А.ны апасына алып кеткенин билдирген. Айкыз болсо ал кызын Бишкек шаарына алып кеткен. Айкыз Бишкек шаарында жүрүп, жолдошу А. уулу Ж.ны чакыргандыктан, ал 2023-жылдын 28-декабрында Бишкек шаарына барып, аялын жана кичинекей кызын Исхак-Полоткан айыл аймагындагы үйүнө алып келип, кайрадан чогуу жашай башташкан.

2023-жылдын 2-январында Айкыз кайра «Бишкек шаарына кетем, силер менен жашабайм» деп кичүү кызын алып, жолго чыгып бара жатканда күйөөсү көчөдө артынан барып, «үйгө кир» деп, башынан кармап, мойнунан муунтуп өлтүргөнү аныкталган.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев социалдык тармак аркылуу Баткен облусунда күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн келиндин окуясына байланыштуу билдирүү жасаган.

«Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду.

Атайын кайрыламын, урматтуу кыз-келиндер! Эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине кайрылыныздар! Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди коргоп жана жардам берүүгө биз милдеттүүбүз! Эне бар, үй-бүлө бар, Мекенибиз болот!», — деп жазган Ташиев.

20-январда Айкыздын өлүмүнө шектелип кармалган күйөөсүнүн туугандары маалымат берип, келиндин өлүмүнөн кийин анын артында калган 6 жана 4 жаштагы эки кызы Кадамжай районунун Совет аймагындагы балдар үйүнө өткөрүлүп берилгенин айтышкан. Жубайлардын урушу Айкыздын ажырашып, үйдөн кетем дегенинен улам чыккан. Маркум Айкыздын кайын энеси Максуда Галыбаева баласы менен келини 7 айдан бери чогуу жашабай калганын айтып берген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE