Turmush: Гимнди өзгөртүү сунушталууда: Ысык-көлдүктөрдүн пикири (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushКыргыз Республикасынын символикаларынын бири болгон гимнди өзгөртүү маселесин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев көтөрүүдө. Аймактык кабарчы Ысык-көлдүн тургундарынын ойлорун угуп көрдү.

Сурамжылоодо кээ бири өзгөртүүгө макул экенин билдирсе, кээси каршы ойлорун айтты.

Өзгөртүү керек деген оюн билдиргендер гимнди Советтер союзунун гимнине үндөш экенин айтып, нукура кыргыздын нарк-насилин чагылдырган гимнге өзгөртсө болоорун айтышат.

Ал эми, кээ бир тургундар учурдагы гимндин ыры менен музыкасы бири бирине айкалышып турарын, аны бакчадагы баланын да тили келип ырдарын айтып, өзгөртүүгө каршы ойлорун билдиришти. Ошондой эле анда китептен баштап көптөгөн нерселерди өзгөртүүгө туура келерин, андан көрө инфраструктураны жакшыртуу керек деген ойлорун айтты.

Айрымдары жаңы гимн талкууга коюлса, ал көпчүлүккө жакса, колдошорун билдиришти.

Өлкө гимни 1992-жылы 18-декабрда Жогорку Кеңеште бекитилген. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев жазган. Обону Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесовдуку.

———————————————————————-

Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев өлкөнүн мамлекеттик гимнин өзгөртүү керек экенин билдирген.

Анын билдирүүсү интернетке тараган.

«Гимнди өзгөртөбүз. Аны кабыл алганда СССРден чыккан маал болчу. Азыр биз бутуна турган, өнүгүү жолуна түшкөн мамлекетпиз», — деген Шакиев.

Ал гимн тууралуу бүгүн, 25-октябрда Жогорку Кеңештин жыйындар залында салтанаттуу иш-чарада сүйлөгөн.

Парламенттин басма сөз кызматы да Шакиевдин билдирүүсүн жарыялаган:

«Гимн — мамлекеттик же социалдык бирдиктин символу катары кабыл алынган салтанаттуу ыр. Андыктан мамлекеттик гимн бардыгы ырдап, аткара алгыдай, жалпыга бирдей ыргакта болушу керек. Тагыраагы, беш жаштан 90 жашка чейинки өлкөбүздүн жарандары кайсы учур, кандай кырдаал болбосун оңой ырдап кеткидей жазылышы зарыл.

Биздики буга чейин да өзгөртүлүп, текстинен бир куплети алынган. Мындай өзгөртүүлөр башка өлкөлөрдө да болуп келет. Андыктан, эгемендигибиздин негизги символу саналган гимнибиздин текстин да кайрадан карап чыгып, бүгүнкү күндөгү чакырыктарга жана өлкөбүздүн өнүгүү багытына ылайыктап, элибизди мекенчилдикке жана өнүгүүгө карай үндөгөн өзгөртүүлөрдү киргизүүбүз кажет», — деген Шакиев.

Ал жаңы текст коомчулуктун талкуусуна коюлуп, акын, тарыхчы, окумуштуу, композитор өңдүү тиешелүү адистердин кароосунан өтөрүн билдирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️