Turmush: Гүлчөдө көрнөк-жарнактарды алып жатышат

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushАлай районунун Гүлчө айыл аймагында көрнөк-жарнактарды алуу иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн башчысы Нурсултан Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, бул иштер көчө инфраструктурасын тартипке келтирүү, ошондой эле район борборунун сырткы көрүнүшүн жакшыртуу максатында жүргүзүлүүдө.

Иш-чарага Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Ош облусу боюнча башкармалыгы жана Алай райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын кызматкерлери катышып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️