Turmush: Эр жеткен соң эжесин зордуктаган кошунасын өлтүрдү: Тоңдогу кандуу өч алуу

TurmushЖогорку Соттун коллегиясы Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тургунунун өлүмү боюнча УКМКнын мурдагы кызматкерине карата чыгарылган айыптоо өкүмүн күчүндө калтырды. Чечим 2020-жылдын 14-мартында кабыл алынган.

Бирок ал жазаны өтөбөйт. Анткени буга чейин биринчи инстанциядагы сот адам жазасын өтөп бүткөн деген бүтүмгө келген.

Жогорку Сотко кассациялык сунуш менен Балыкчы гарнизонунун Аскердик прокуратурасынын юстициянын подполковниги Р.Сейдахматов кайрылды. Ал Ысык-Көл облустук сотунун чечимин мыйзамсыз жана негизсиз деп атап, аны жокко чыгарууну өтүндү. Сейдахматов ишке катышкан адамды адам өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп таап, Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пункту («Бейбаштык максатта жасалган адам өлтүрүү») (1997-ж. редакциясы) менен тиешелүү жазага тартылуусун суранды.

Иштин материалдарын карап чыгып, Жогорку соттун соттук коллегиясы облустук соттун чечимин жокко чыгарып, Балыкчы шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

Окуя тууралуу

Ысык-Көл облустук соту Тоң районунун Кара-Талаа айылынын тургунун өлтүрүү иши боюнча кармалган УКМКнын мурдагы кызматкерин актады.

Пример HTML-страницы

Алтынбек [аты өзгөртүлдү К.К.А.] 1985-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун тургуну, жогорку билимдүү, үй-бүлөлүү, мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган эмес. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүгүнүн 10-пункту («Бейбаштык максатта жасалган адам өлтүрүү») (1997-жылдагы редакция) менен кылмыш иш козголгон.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, кылмыш 2016-жылдын 28-июлунда Кара-Талаа айылында болгон. Анда Алтынбек саат 20:00 чамасында 1964-жылы туулган айылдашы Майрамбектин (аты өзгөртүлдү М.Э.) үйүнө келген. Алардын ортосунда оозеки чыр чыгып, Алтынбек жыгач отургучту алып, аны менен айылдашын бир нече жолу чапкан. Мындан сырткары Майрамбектин мойнуна бычак сайылган.

Балыкчы шаардык сотунун 2020-жылдын 20-ноябрындагы чечими менен ал Кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесинин 1-бөлүгү («Катуу психикалык толкундануу абалында адам өлтүрүү») менен 3 жылга эркинен ажыратылды.

Алтынбек 2016-жылдын 29-июлунан 2017-жылдын 17-ноябрына чейин камакта болгондуктан, сот муну 3 күнгө 1 күн деп эсептеген. (Алдын ала камакта кармоо жазанын мөөнөтүнө сот тарабынан эсептелет. Мында алдын ала камакта кармоонун 1 күнү эркиндигин чектөө түрүндөгү жазаны өтөөнүн 3 күнүнө туура келет). Ошентип, сот өкүмдү чыгарып жатып, ишке тиешеси бар адам жазасын өтөп бүткөн деген бүтүмгө келген.

Балыкчы гарнизонунун аскер прокурорунун жардамчысы апелляциялык арыз менен Ысык-Көл облустук сотуна кайрылган. Аскер прокуратурасы биринчи инстанциядагы сот негизсиз жана мыйзамсыз чечим чыгарган деп эсептейт. Прокуратуранын маалыматы боюнча, Алтынбек мас абалында айылдашына келип, себепсиз коомдук тартипти бузуп, ошол учурда конок бөлмөдө эс алып жаткан Майрамбекке кол салган. Жаңжал учурунда Алтынбек бычак менен айылдашынын мойнуна сайып салган. Майрамбек Балыкчы аймактык ооруканасына жеткирилип, алган жаракатынан улам эсине келбей каза болгон.

2016-жылдын 27-октябрындагы соттук-медициналык экспертизанын корутундусу менен Алтынбектин акыл-эси жайында деп табылып, кылмыш жасалган учурда ал өзүнүн аракетирине жооп бере алгыдай болгону такталган.

Аскердик прокуратура муну адам өлтүрүү деп эсептейт. Иштин күбөлөрү Майрамбек ошол күнү саат 19:30 чамасында үйгө келип, уктоого камданып жатканын айтышты. Үйдө андан башка дагы адамдар, анын ичинде келини болгон. Келини нан алганы дүкөнгө чыгып бара жатып көчөдө Алтынбекти көргөн. Алтынбек мас абалында «эмнеге Майрамбекти үйгө жашырып жатасың?» деп кыйкырган. Аны менен катар бир нече уят сөздөр менен сөккөн.

Күбөлөрдүн айтымында, Алтынбек үйгө кирип келип, кимдир-бирөөнү издей баштаган. Бөлмөдө жаткан Майрамбектин жанына барып, башка тээп жиберген. Туугандарынын бири [жабырлануучунун келини] Алтынбекти сүйрөп кетүүгө аракет кылган. Бирок ал бычак алып чыгып, аны да өлтүрөм деп коркуткан. Бирок келин качып кетүүгө үлгүрүп, көчөгө чыгары менен милицияга телефон аркылуу байланышып, окуя тууралуу билдирген. Милиция кызматкерлери Балыкчы шаарында экендигин айтышкан. Көп өтпөй туугандары келип, Алтынбектин унаасы менен жабырлануучуну ооруканага алып кетишкен. Жолдо мойнунан агып жаткан канды токтотууга аракет кылышкан, бирок ага мүмкүн болгон эмес.

Аскер прокуратурасы соттон Алтынбекти адам өлтүрүүгө күнөөлүү деп таап, мыйзам чегинде жаза берүүнү өтүнгөн.

Балыкчы шаардык сотунун чечими кылмыш ишине катыштыгы бар адамдын нааразычылыгына туудурган. Анын жактоочусу аппеляциялык арыз менен кайрылган. Жактоочу Майрамбек көп жыл мурун Алтынбектин бир тууган эжесин кордоп, зордуктаганын билдирген. Соттолуучунун айтымында, маркум Майрамбек анын апасын зордуктоого аракет кылып, муну менен үй-бүлө мүчөлөрүнүн депрессиялык абалга алып келген.

Биринчи инстанциядагы соттук териштирүүдө, окуяга күбө болгон адам Алтынбектин эжеси 1998-жылы зордукталгандыгын айтты (Алтынбек ошол учурда 13 жашта болгон). Ал учурда күбө участкалык инспектор болуп иштеп жаткан. Анын айтымында, Алтынбектин эжесин Майрамбек зордуктоо фактысы боюнча материалдар милицияда катталган.

Тергөө окуянын чоо-жайын иликтеди. Райондук милиция кызматкери тергөөчүнүн тапшырмасын аткарган. Арызды Алтынбек менен анын жеңеси жазган. Зордуктоо боюнча Алтынбектин мыйзамдуу өкүлү анын жеңеси болгон. Тергөө тобу тергөө иштерин жүргүзгөн, бирок кийин соттун чечими болгон эмес.

Маалым болгондой, зордуктоо иши тараптардын жарашуусунан улам жабылган. Демилгечи Алтынбектин жеңеси болгон.

Жактоочу өз сөзүндө Алтынбек үй-бүлөдөгү окуяларга байланыштуу көптөн бери психологиялык жактан оор абалда болгонун билдирди. Ошол күнү болгон окуяны эстеп, Майрамбек менен уруша кеткен. Андан соң аны унаасы менен ооруканага жеткирген. Бирок Майрамбек алган жаракатынан улам каза болгон.

Жактоочу биринчи инстанциядагы сот иштин жагдайына так эмес баа берип, Алтынбектин аракеттерин туура эмес квалификациялаган деп эсептейт.

Иштин күбөлөрү Майрамбек менен Алтынбектин кошуна жашашкандыгын айтышкан.Маркум Майрамбек Алтынбектин эжеси менен апасынын ооруп жатканын билип, эжесин зордуктоого бел байлаган. Майрамбек эжесин зордуктап жатканда, бөлмөгө ошол учурда жашы жете элек Алтынбек кирип келип калып, болуп жаткан окуяга күбө болгон. Бала эжесине болушууга аракет кылганда Майрамбек аны уруп койгон. Бул окуядан 6-7 ай өткөндөн кийин Алтынбектин эжеси каза болуп калган.

Адвокаттын айтымында, ошол күнү Алтынбекти көргөн Майрамбек аны сөгүп баштаган. Алар мушташа кетип, Майрамбек бүктөмө бычак алып чыккан. Алтынбек өзүн коргоо үчүн аракет кылып, бычак кокусунан Майрамбектин мойнуна тийген.

Жактоочу мындан тышкары Алтынбек күч түзүмдөрүнүн кызматкери болгондуктан физикалык даярдыгы жакшы болгонуна токтолду. Майрамбек ага бычак менен кол салууга аракет кылганда, ал автоматтык түрдө каршылык көрсөткөн. Эгер Алтынбек өч алуу максатында Майрамбекти өлтүргүсү келсе, ал башка жол менен жасамак. Анда бул иш үйдө, адамдардын көзүнчө болмок эмес.

Жактоочу облустук соттон ишти токтотууну өтүндү.

Сотто айыл тургундарынын бири Алтынбекти эч качан мас абалында көрбөгөнүн билдирген. Ошол күнү Алтынбек менен жолукканда ал Бишкек шаарына бара турганын, үй алып, анан жентек той өткөрүүнү каалап жатканын айткан.

Ысык-Көл облустук сотунун соттук коллегиясы иштин материалдарын карап чыгып, 2021-жылдын 1-ноябрында Алтынбектин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу ага карата актоо өкүмүн чыгарган.

Сот анын реабилитацияга болгон укугун калтырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️