Turmush: «Дарыянын ортосундай болуп калдык»: Ак-Талаадагы сел. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushНарын облусунун Ак-Талаа районунун Ала-Буга айыл аймагынын Чолок-Кайың жана Жерге-Тал айылдарынын чөлкөмүндө сел жүрдү.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, бүгүн, 23-июлда саат 17:30-18:00дө катуу жааган жамгырдан улам Чолок-Кайың айылынын Карды-Жарык чөлкөмүндө сел жүрүп, бир нече гектар аянт дан эгиндерин каптап жана боолонган чөптөрдү сел агызып кетти.

Мындан тышкары Чолок-Кайың айылы менен Жерге-Тал айылынын ортосундагы Акылбектин-Сайы чөлкөмүндө сел жүрүп, аталган сайдан сел суусу ашып, Баетов—Кош-Дөбө унаа жолун каптап, унаалар өтө албай калган.

Ошондой эле катуу жааган жамгырдан улам Баетов айылынын көчөлөрүндө дагы кыян суу акты.

Жергиликтүү тургундар селди видеого тартышкан. Алардын бири селден улам унаага камалып калышканын айтып: «Дарыянын ортосундай болуп калдык», — деген.

Пример HTML-страницы

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️