Пример HTML-страницы

Turmush: Дарыядай каптаган сел: Кадамжайдын Жеңиш айылындагы кырсык

TurmushКадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Жеңиш айылында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүргүзүлүп жатат.

Кечээ, 24-июнь күнү Баткен облусунун Баткен, Лейлек жана Кадамжай райондорунун аймактарында каттуу жааган жамгырдан сел жүргөн.

Алдын ала маалымат боюнча, 47 турак үйгө, 113 үйдүн чарбактарына, 5 соцобъектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыянын тийгизген.

Ал эми Жеңиш айылында 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Алар учурда үйлөрүнө кайтууда.

Аталган айылдын тургуну Адылжан Жолчубаев сел катуу акканын айтып берди.

«Баламды алып, эшикти кармап турдум. Суу агып турду, эч нерсе көрүнбөйт. Суу дарыя болуп агып жатты», — деди ал.

ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Таалайбек Айткулов Жеңиш айылында 73 үйдү сел каптаганын, анын ичинен 54 үйдүн ичине суу киргенин айтты. Селдин кесепеттерин жоюу иштери 70% аяктап калды.

Баткендеги сел:

Кечээ, 24-июнда саат 16:30 чамасында Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында Ош—Баткен—Раззаков унаа жолунун 288-чакырымында катуу жааган жамгырдан улам сел түшүп, жол убактылуу жабылган. Жолду тазалоо иштерине атайын техника тартылган болчу.

Лейлек районунда Коргон—Катраң—Баул жолунда катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, жол убактылуу жабылган. Кокту-колоттон түшкөн сел суулары турак жайлардын короолорун каптап, үйдүн ичине чейин кирген.

Лейлектин Калта-Арык участкасында 5, Кара-Суу айылында 1 турак жайга кирген сел сууларынан кийинки калыбына келтирүү иштерине ӨКМдин Лейлек районундагы бөлүмүнөн 10 куткаруучу тартылган.

Кадамжай районунун Исхак Полот хан айылында сел жүрүп, жүк ташуучу контейнерди агызып кеткен. Селдин кесепетинен Ош—Баткен—Раззаков жолунун 130-чакырымы кыска убакытка жабылган. Тургундар борбордук көчөлөргө унаа менен чыгуу кооптуу экенин айтышкан. 5-6 унааны сел агызып кеткен.

Кадамжай районунун Охна сел өткөрүүчү сайынан сел түшүп, темир бетон шакекче менен курулган 5 көпүрөнү бузуп кеткен. Ак-Турпак, Молдо Нияз, Исхак Полот хан айыл аймактарында да сел жүрүп, Эргенек участкасындагы балдар бакчасынын жертөлөсүнө, Жеңиш айылындагы аймактык оорукана жана балдар бакчасынын, Т.Сатылганов атындагы орто мектебинин короосуна сел суулары кирген.

ӨКМ куткаруучулары тарабынан сел суулары кирген турак жайдан жашы жете элек 3 бала жана 2 жаран аман-эсен куткарылган.

Баткен районунда 2 турак үйдүн жертөлөсүн тазалоо жумуштары колго алынып, жалпы 20 куткаруучу, ал эми саат 21:59да Аэропорт тилкесинде жашаган жергиликтүү элди коопсуз жайга көчүрүү үчүн Самаркандек айылындагы ӨККБдөн автобус, атайын техника тартылган.

Кечеги селден улам Кадамжайдын Жеңиш айылында 5 жаштагы бала көз жумуп, Баткен облусу боюнча 1000ден ашык жергиликтүү тургундар коопсуз аймакка көчүрүлгөн. Баланын сөөгү саат 23:45 чамасында табылды. Аны менен катар аталган айылдын 1954-жылы туулган тургуну жабыр тартып, ооруканага жаткырылды. Сел 8 бодо, 42 майда жандыкты агызып кетти.

Өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди:

Баткен облусунда жүргөн селдин кесепетинен 1 район жана 2 айыл аймакта өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-июнда акимдин буйругу менен Кадамжай районунда өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Лейлек районунун Катраң айыл аймагына жана Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймактарында да өзгөчө кырдаалдар режими кирди.

Алдын ала маалымат боюнча, 47 үйгө, 113 үйдүн чарбагына, 5 соцобъектиге, 1 кичи футбол аянтчасына сел кирип, 17 ички чарбалык жолго, 2,7 чакырым коргоо тосмого, 1 көпүрө, 12 чарбалык курулуш, 2 суу кампага, 1 трансформаторго зыян келтирилди. Кадамжай районунун Жеңиш айылында 5 жаштагы бала каза болуп, 1000ге жакын, Баткен районунда 27 жергиликтүү тургун коопсуз аймакка көчүрүлдү. Түнү менен аймактарда райондук Жарандык коргонуу кызматтары сел келген аймактарда калыбына келтирүү иш-чараларын жүргүздү. Ыкчам иш-аракеттер уланууда. Учурда облус аймагында жол каттамдары ачык.

Кадамжай районундагы селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 63 куткаруучу, 1 «Хово», 1 экскаватор, 2 мотопомпа, №46 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч, 1 «Хово», жергиликтүү бийликтен 400 адам, 2 самосвал, 1 жүктөгүч, санитардык-эпидемиологиялык кызматтан 39 кызматкер, ИИМден 50 кызматкер, тез жардамдан 30 кызматкер, ыктыярчылардан 110 адам болуп, жалпы 692 адам, 8 техника тартылды.

Ал эми Лейлек районунда катталган селдин кесепеттерин жоюуга ӨКМден 36 куткаруучу, №13 ЖТИден 2 грейдер, 2 жүктөгүч тартылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE