Пример HTML-страницы

Turmush: Целлофан баштыкка катылган өлүм: Ош шаарындагы зыяндуу көрүнүш

Акыркы жанылыктар

TurmushСулайман-Тоодо, эс алуучу бактарда клей салынган сары-ала целлофан баштыктарга көзүңүз түшүп, маани бербей өтүп кетсеңиз керек. Бирок бул көрүнүш калаадагы жаштар арасынла токсикоманиянын көбөйүп баратканынан кабар берет. Мындан улам аймактык кабарчы токсикомания жаатында изилдөө жүргүзүп, тийиштүү адамдар менен маек курду.

Расмий маалыматтар боюнча, Ош облустар аралык психиатрия жана наркология борборунда 3 миң 594 адам каттоодо турат.

Ош шаарынын 19 жаштагы тургуну Айбек (аты-жөнү өзгөртүлдү) 3-курстун студенти.

Анын айтымында, мектепте окуп жүргөн кезде зыяндуу каражаттарды жыттаган окуучарды көп кездештирчү. Алардын арасында жакшы окуганы да бар.

«Клей жыттоо — өтө эле зыян деп угабыз. Алар унаага куйган бензинди, бут кийим жамоо үчүн пайдаланган клейди кичинекей желим баштыкка куюп алып жытташат. Аны жыттаган адам жиндиге окшоп, өзүн жоготот. Эч нерсе менен иши жок, башы айланып, бакыргысы жана бийлегиси келет. Бир сөз менен айтканда жиндиге окшоп калат. Аны жыттагандан кийин сиз менен мен күтпөгөн нерселердин баарын жасап жибериши мүмкүн. Көзөмөлдү жоготот. Айрым кыздар да пайдаланат деп уккам, бирок көрбөгөм», — деди ал.

Ош облустар аралык психиатрия жана наркология борбору дарыгер-нарколог Мурзали Нышановдун айтымында, токсикомандар жана психотроптук заттарды колдонгон өспүрүм курактагы балдардын саны көбөйүп баратат. Мунун кесепети тукумсуздукка, көп жылга созулса өлүмгө жеткириши мүмкүн.

«Бизге кайрылган ата-энелер бар. Бул өткөөл курактагы 8-9-10-класста окуган балдарда көп кездешет. Башында кызыгып бир-эки жолу колдонуп көрүшөт да, акыры ошол нерсеге көз каранды болуп калышат. Убакыттын өтүшү менен колдонбой калса, үйүндөгүлөрдүн айткан сөзү жакпай, жини тез келип кыжырданып калат. Бирок колдонгондон кийин кайра тынчтанып калышат. Аларды сөзсүз түрдө дарылаш керек, балдарга зыяны көп. Акыры барып, тукумсуздукка алып келиши мүмкүн. Баш мээнин иштешин бузат. Эгер өтө көп колдонуп, убагында дарыланбаса, организм алсыз болуп, акырындык менен өлүмгө да алып барышы мүмкүн. Азыркы тапта синтетикалык наркотик өспүрүмдөр арасында көбөйүп жатат», — деди дарыгер-норколог.

Маңзат жана баңгизатка көз каранды болгон бейтаптар көп учурда мамлекеттик ооруканаларга кайрылуудан тартынышат. Анткени каттоого алынып калуудан сактанышат. Андыктан алар көп учурда наркологиялык клиникаларда дарыланышат.

«Шаарда мурда жок болчу. Азыр жеке наркологиялык клиникалар ачылган. Ошол жактарда көп болушу мүмкүн. «Каттого түшүп калабыз» деп, мамлекеттик ооруканаларга кайрыла беришпейт. Бизде анонимдүү дарылоо бар, ошондуктан коркпой кайрылышса болот.

Мындай учурларга кароосуз калган балдарда көбүрөөк кабылат. Аларлын ата-энелери миграцияда болуп калат. Ата-энеси ажырашып, психологиялык запкы жеп калган балдарда көбүрөөк кездешет. Бай үй-бүлөлөрдө да бар. Анткени балдарынын колуна акча берип коюп, көзөмөлдөбөй коюшат», — деди ал.

Мурзали Нышанов врач-наркологдор менен биргеликте мектеп, жогорку окуу жайларда токсикомания боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, лекция окула турганын кошумчалады.

Токсикомания — баңги каражаттарынын тизмесине кирбегени менен түрдүү химиялык, биологиялык жана дарылык каражаттар колдонулат. Бирок адистер токсикомания — клей, лак, күйүүчү май жана башка химиялык заттарды жыттап, түрдүү жол менен пайдалануунун таасири баңги заттар сыяктуу болорун айтып келишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE