Turmush: «Бирге-Вместе» саясий партиясынын талапкерлери маалымат жыйын өткөрдү: Каракол шаарын бирге өнүктүрөбүз

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 14-ноябрда АКИpress маалымат агенттигинин Ысык-Көл облустук кеӊсесинде «Бирге-Вместе» саясий партиясынын талапкерлери маалымат жыйын өткөрдү. Анда саясий партиянын атынан тандоого аттанып жаткан талапкерлер Каракол шаарын өнүктүрүүгө карай 6 багытта турган программасы менен тааныштырды.

«Урматтуу шаар тургундары жана мекендештер. «Бирге- Вместе» саясий партиясы программабызда жазылган 6 багыт боюнча маалымат беребиз. Биздин командабыз тажрыйбалуу, кесипкөй талапкерлерди камтыйт. Урматтуу шайлоочулар, 2024-жылдын 17-ноябрында өтө турган жергиликтүү кеӊешке аттанган талапкерлерди тандоо өнөктүгүнө активдүү катышып, биздин №5 «Бирге-Вместе» саясий партиясына добушуӊуздарды берүүӊүздөрдү өтүнөбүз. Биздин максат Каракол шаарыбызды биргеликте өнүктүрүү болуп саналат», — дешет талапкерлер.

1. Экономика тармагы — Каракол өнүктүрүү фондун түзүп, 5 пайыздык насыяларды берүү менен орто жана чакан бизнести колдоп, жаңы жумуш орундарын түзүү. KIF (Каракол инвестициялык форуму) аянтчасын түзүп, эл аралык деңгээлде жыл сайын өткөрүп, Каракол шаарынын инвестициялык потенциалын жогорулатып, ири ишканаларды ачуу.

«Саламатсыздарбы урматтуу шайлоочулар! Экономика багыты боюнча Каракол өнүктүрүү фондун түзүүнү сунуштап жатабыз. Анда шаардын бир жылдык бюджетинен 15% бөлүп, фондго салабыз. Мисалы, азыркы тапта 2024-жылы жергиликтүү бюджет 521 миллион сом болуп бекилсе, анын 15% фондго салынат. Бул акча каражатынан орто жана чакан бизнести колдоп, жаӊы жумушчу орундарды түзүүгө шарт түзөбүз. Өнүктүрүү фондунан аз пайыз менен акча берсек, бизнести колдоого оӊой болот. Жыл сайын бюджеттен 15% каралып, Каракол шаардык мэриясынын алдындагы күчтүү булагы болуп эсептелинет. Биз жаӊы багытка барууга кез келди. Эмнеге? Каракол шаарыбыз мамлекеттен акча бөлүнүп, шаар ичиндеги инфраструктура өнүгүп калды», — деди талапкер Нурлан Джаинов.

2. Билим берүү жана маданият тармагы: Билим сапаты: Мектеп, бала-бакчаларды оӊдоо, жабдуу, мугалимдердин квалификациясын жогорулатууга өбөлгө түзүү, билим берүүнүн жаӊы технологияларын киргизүү, коррупцияны кыскартууга чечкиндүү кадамдар жана муниципалдык IT мектеп ачуу.

Пример HTML-страницы

«Урматтуу Каракол шаарынын тургундары! Партиянын талапкери катары программага камтылган билим берүү багыты боюнча токтолом. Шаарыбызда 17 бала бакча, 12 мектеп бар, агартуучулардын квалификациясын көтөрүү жолун талдап жатабыз. Баарыбызга белгилүү болгондой, мугалим, тарбиячыларыбыз квалификациясын Бишкек шаарынан жогорулатып келишет. Андыктан башка аймактардан, борбор калаадан же КМШ өлкөлөргө каттап, тажрыйба билим алып келүүсүнө шаардык бюджеттен карап, колдоо көрсөтүү программасын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү колго алабыз. Экинчиден, мектептерди акыркы заманбап технология менен жабдып, бир мектептин базасына IT мектеп ачууну пландап жатабыз. Бул 12 жылдык билим берүүдө кесипке багыт берүүгө жаӊы муундарды өстүрүп чыгаруу болуп саналат», — деди талапкер Айзат Саматова.

3. Саламаттыкты сактоо, социалдык саясат жана маданият тармагы: Медициналык тейлөөнү жакшыртуу: Ооруканаларды жана клиникаларды модернизациялоо, медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, оорулардын алдын алуу программалары. Калктын аярлуу катмарын колдоо: Каракол шаардык муниципалдык ипотека компаниясын негиздеп, элге жеткиликтүү көп кабаттуу үйлөрдү куруп берүү. Карыларга, көп балалуу үй-бүлөлөргө жана майыптарга социалдык жардам көрсөтүү программалары.

4. Туризм жана инфраструктура: Туризм инфраструктурасын өнүктүрүү: Туристтик маалымат борборлорун түзүү, бир нече тилде белгилерди жана карталарды орнотуу, маршруттук каттамдардын жана туристтик жайлардын абалын жакшыртуу. Каракол шаарынын маданий жана табийгый көп түрдүүлүгүн көрсөтө турган уникалдуу туристтик брендин түзүү. Социалдык тармактарда саясат блогторунда жана атайын басылмаларда жарнамалык кампанияларын жүргүзүү.

«Урматтуу добуш берүүчүлөр, биздин программага камтылган туристтик секторду өнүктүрүү жолун алып карасак, биринчиден Каракол КМШнын маданий борбору аталды. Бүгүнкү күндө шаарыбыз көп тарыхты камтыган, өзгөчө коргоого алынган турак жайларды камтыйт. Шаарыбызда 400дөн ашуун конок үйү бар дегенибиз менен четтен келген туристтер үчүн унаа, гид, жана маалымат берүүчү борборлор жетишпей келет. Учурда болгону «Каракол Дестинация» туристтик уюму менен иш алып баруудабыз, бирок шаарыбызга канча турист келип жатканын так аныктай албай жатабыз. Алдыда маалымат берүүчү борборлорду жүзөөгө ашырсак, жеке эле инфратүзүм жакшырбастан, жергиликтүү бюджетибизге да салым болмок. Дагы айта кетүүчү жагдай, Караколдо 80ден ашуун улуттун өкүлү, 12 этностук улуттун башын бириктирген ынтымак үйүн түзүп, улуттук каада-салтыбызды жайылтып, бул секторду өнүктүрүүгө толук мүмкүнчүлүк бар», — деди талапкер Галия Хурова.

Транспорттук инфраструктураны модернизациялоо: Шаар ичиндеги калган жолдорду оӊдоо жана куруу, Административдик-аймактык реформанын алкагында кошулган айыл аймактардын, кичи райондордун, жаӊы конуштардын, Пристань-Пржевальск шаарчасына жөө жүргүнчүлөр жүрүүчү жана унаа жолдорду, коомдук транспортту жакшыртуу. Шаардык оюн-зоок инфраструктураны өнүктүрүү: Пушкин, Манасчылар, Жеӊиш эс алуу парктарын реконструкциялоо жана андан сырткары шаардагы жаӊы конуштарга парктарды, гүлзарларды өркүндөтүү. Көп кабаттуу үйлөрдүн короосундагы балдар ойноочу, машыгуу (воркаут) аянтчаларын куруу.

«Урматтуу Каракол шаарынын тургундары! Шаардагы кичи райондордо орун алган көп кабаттуу үйлөрдүн короо-жайларынын инфраструктурасын оӊдоо. Анын алкагында ички тротуар, унаа токтоочу жайларын (стоянка), балдар аянтчаларын жана жергиликтүү тургундар үчүн эс алуучу аянтчаларды куруп берүүнү жергиликтүү аткаруу бийлигине сунуш берип, аткарылышын көзөмөлдөөнү колго алабыз. Ошондой эле Каракол шаарынын көп кабаттуу аймактарында башкаруу системасы жокко эсе. Анын кесепетинен көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдары, чатыры, жер төлөөлөрү начар абалда. Ушул багытта жогорудагы маселелерди чечүү максатында жергиликтүү бийлик жана көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары менен биргеликте иш алып барып, башкаруу системасын киргизебиз жана көзөмөлдөп, толук кандуу иштеп кетүүсүнө кызматташабыз. Каракол шаарынын аймактарында, жаӊы конуштарында жашоочулар жана балдар эс алуучу, ойноочу аянтчаларды куруп берүүгө жергиликтүү бийликке сунуш берип, аткарылышын көзөмөлдөйбүз», — деди Арзымат Эдиков.

5. Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо: Жаратылыш ресурстарын сактоо: Айлана-чөйрөнү коргоо программалары, таштандыларды чыгаруу системасын жакшыртуу, жашыл аймактарды өнүктүрүү. Экологиялык билим берүү: Калктын экологиялык сабаттуулугун жогорулатууга багытталган маалыматтык кампанияларды жана иш-чараларды өткөрүү.

6. Коопсуздук жана укук тартиби: Коомдук коопсуздукту камсыздоо: Жергиликтүү милицияны кылмыштуулукту алдын алуу программаларын жана коомдук көзөмөлдү күчөтүү, видео камераларды орнотуу. Кылмыштуулукка каршы: Баӊгизатка байланышкан кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган стратегияларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.

Аткаруучу: «АКИ Кыргызстан» ЖЧКсы.

Дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү 189.

Буюртмачы: «Бирге-Вместе» саясий партиясы.

Тираж: 1 экземпляр, чыккан күнү: 2024-жылдын 14-ноябры.

«БИРГЕ-ВМЕСТЕ» саясий партиясынын каржы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Талдыбекова Алтынай Элдосовнанын буйрутмасы менен «БИРГЕ-ВМЕСТЕ» саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️