Turmush: Биогаз аркылуу электр энергиясын үнөмдөп, пайдалуу самын чыгарам,

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылынын тургуну Тыныбек Сансызов малдын кыгынан биогаз өндүрүп жатат. Энергетиктин турмушу менен аймактык кабарчы таанышты.

Тыныбек Сансызов 1974-жылы 22-мартта туулган. Мектепти аяктагандан кийин Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринен энергетик кесибине ээ болгон. 2008-жылдан бери Тоң электр тармагында иштеп келет. Өзү энергетик болгондуктан электр энергиясын үнөмдөөнүн альтернативасын издеп келген.

«Биогаз орнотмосун коюу боюнча идея 5 жыл мурун келди. Аракет кылып, ар кайсы жерде орнотулган биогаз орнотмолору менен тааныштым. Анан долбоор жазып, шартым туура келип, ишке ашырып алдым. Эки жылдан бери бардык тиричиликти биогаз менен өткөрөбүз. Үйдү жылытуу, очокканада тамак-аш бышырууда газ колдонобуз. Мончону да газ менен жылытабыз. Бул электр энергиясын абдан үнөмдөйт экен. Учурда электр энергиясы тартыш болуп турган кезде эң пайдалуу. Аз да болсо электр энергиясын үнөмдөөгө салым кошуп жатабыз», — деди ал.

Тыныбектин айтымында, биогазга малдын кыгы колдонулат. Ошондуктан андан чыккан калдык, жакшы жер семирткич болот.

«Буга чейин алмаларым мындай түшүм берчү эмес. Мындан чыккан калдыкты жер семирткич кылып, мөмөлөргө салып, жакшы жыйынтык чыкты. Алмалар чоң-чоң , курту жок болду», — деди ал.

Жер семирткичтин тоннасын 1000 сомдон сатат. Аны кезекке туруп, айылдаштары сатып алып жатышат. Ошондой эле Тыныбек уулу менен самын чыгарууну эки айдан бери өздөштүрүп жатат. Самынды даярдоодо, анын кошулмаларын эритүү, бышырууда биогазды колдонот.

Пример HTML-страницы

«Учурда Төрт Күл айылында жашайбыз. 4 балам бар. Эң улуусу үйлөнгөн, кыз неберелүү болдук. Анын атынан 72 пайыздуу самындарды Сезим деп атап койдук. Биз өндүргөн самын пайдалуу касиеттерге ээ. Чачтын какачына, аллергияга каршы колдонсо болот», — деди ал.

Самындын 1 даанасы 28 сомдон сатылат. Каарманыбыз келечекте биогазды айыл элине да жайылтсам деген тилеги бар.

Биогаз — бул органикалык калдыктардан алынган күчтүү газ. Көптөгөн артыкчылыктардан тышкары таза жана жаңыланып туруучу энергиянын бир түрү. Биогаздын курамы 40% жана 70% метан жана СО2 турган аралашма. Ошондой эле анын курамында суутек (H2), азот (N2), кычкылтек (O2) жана суутек күкүрт (H2S) сыяктуу кичинекей үлүштөр бар. Бирок алар негизги эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️