Turmush: Beeline DevFest Bishkek 2024 IT-иш-чарасында: Келиңиздер, кызыктуу болот!

Акыркы жанылыктар

TurmushУшул жекшембиде Бишкекте көптөн күткөн жылдын IT-иш-чараларынын бири — DevFest Bishkek 2024 өтөт. Beeline Кыргызстан компаниясы бул масштабдуу иш-чаранын күмүш демөөрчүсү болуу менен бирге эмне үчүн бул иш-чарага сөзсүз баруу керектигин айтып берди.

DevFest — дүйнө жүзү боюнча Google Developer Groups (GDG) коомчулугу тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү жергиликтүү IT конференциясы. Кыргызстанда иш-чараны GDG Bishkek IT-энтузиасттар тобу жергиликтүү IT-коомчулугу менен биргеликте уюштурууда.

DevFest Bishkek 2024 29-сентябрда саат 10:00дөн 18:00гө чейин БААУда (Аалы Токомбаев көч. 7/6) өтөт. Бул жылы Бишкектеги конференция катышуучуларды кызыктуу баяндамалар менен гана эмес, интерактивдүү воркшоптор менен да кубандырат. Жергиликтүү адистер жана чет элдик эксперттер Web-иштеп чыгуу, булуттук технологиялары, Android, QA жана башка чөйрөлөрдөгү тажрыйбалары жана акыркы тенденциялар менен бөлүшүшөт.

Инновациялык компания жана негизги иш берүүчү катары Beeline Кыргызстан дагы DevFest Bishkek 2024 иш-чарасына активдүү катышат. Иш-чарага компаниянын өкүлдөрү катышып, Beeline’дагы бош орундар жана карьералык мүмкүнчүлүктөр тууралуу сүйлөшүшөт. Конференцияда Beeline адиси, маалыматтык коопсуздук боюнча менеджер Антон Копейкин да сөз сүйлөйт. Ал киберкоопсуздуктун негизги принциптери тууралуу айтып, азыркы заманбап дүйнөдө бул талаптарды аткарбоо кандай кесепеттерге алып келээрин түшүндүрөт.

Сизди DevFest Bishkek 2024 дагы эмнелер күтөт:

Пример HTML-страницы
  • Эң мыкты IT-адистерден эксперттик лекциялар.

  • Өнөр жай лидерлери жана пикирлеш адамдар менен нетворкинг.

  • Иш-чаранын катышуучулары үчүн сюрприздер жана бонустар.

Кыргызстандын IT тармагындагы эң жаркын окуянын бөлүгү болуу жана өзүңүздүн кесиптик горизонтторуңузду кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Билеттерди төмөнкү шилтеме боюнча алса болот.

DevFest 2024 иш-чарасында жолугушканча!

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️