Пример HTML-страницы

Turmush: Баткендеги өрүктөр чет өлкөлөргө эскпортко кетип жатат: Бирок баа арзан болууда

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushБаткен районунда өрүк терими кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл Баткендеги айрым жерлерде өрүк түшүмү аз болуп жатат. Себеби өрүктөр гүлдөй баштаган учурда аба ырайы ысык болуп гүлү куурап калген же суук болуп кеч гүлдөгөндөр болгон. Азыр багбандар эрте бышуучу өрүктүн сортун жеринен соодалап, алды экспортко чыгууда. Райондо өрүктүн эрте бышуучу ашкана сорту бышып, дыйкандар 1 килограммын 70 сомго чейин сатышууда.

Баткендин Чек айылынын тургуну Абдиреим Узакбаев 40 түп өрүктөн жылына 1-2 тоннадай түшүм алат. Быйыл биринчи теримде 400 килограммдай түшүмдү жыйнап, алды сатыкка чыкты. Учурда экинчи теримин терип жатат.

«Бакта эрте бышчу сорттон 40 түп бар. Алардын алды бышып терилди. Быйыл жылдагыдан түшүм аз. Бир теримде 400 килограмм жыйнадым. Мурда алгачкы теримде эле 1 тоннага жакын терилчү. Бул сортту сактоого, кургатканга болбойт. Ошондуктан көп бышырбай эле, чала бышырып үзөбүз.

Азыр фуралар келген, бааны келишип туруп, сатабыз. Быйыл баа былтыркыдай эле төмөн (2023-жылы июнь айында өрүктүн 1 кг 25 сомдон 30 сомго чейин сатылган). Азыр 70 сомго чейин бааланып жатат. Көлөмүнө жараша 30 сомдон башталат. 2-3 жыл мурда 200-250 сомдон сатканбыз. Эрте бышчу өрүктү эрте сатып, бышыкчылыкка жетет элек. Азыр эми арзан. Жөн эле жерге түшүп ысырап болгончо өткөрөлү деп аракет кылып жатабыз.

Быйыл бизде түшүм аз. 1 тонна жыйнайбыз деп турабыз. Азыр экинчи терими болуп жатат. Сугарып, дарысын берип караганыңды актаса жакшы. Башка өрүктөр дагы 10 күндөн кийин бышып калат», — деди Абдиреим Узакбаев.

Учурда жергиликтүү ишкерлер өрүктөрдү багбандардын бактарына барып сатып алып, Россия, Казакстанга экспорттоп жатышат.

————————————————————-

Баткен облусу жыл сайын миңдеген тонна өрүк эскпортойт. 2022-жылы облус 2500 тонна ак өрүк экспорттогон. Анда өрүктүн алды 230 сомго чейин сатылган.

Жалпы облус боюнча 8000 гектарга жакын өрүк бактары бар. Баткен районунун Дара, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Кара-Булак айыл аймактарындагы жергиликтүү ишкерлер тарабынан экспортко чыгарылган. Баткен шаарында 1 кг ак өрүктүн баасы 80 сомдон 230 сомго чейин бааланса, Кадамжайда 80-100 сомдон сатылган.

2022-жылы август айында Баткен облусунда кургатылган өрүктүн баасы (баргек) 1000 сомго чейин чыккан болчу.

  • Орто эсеп менен жергиликтүү тургундар өрүк сатуудан 200 млн сомдон 575 млн сомго чейин табышы мүмкүн.

2023-жылы февраль айында Баткен шаарынын өрүк базарында өрүк азайып, баасы кайра кымбаттай баштаганы кабарланган.

Маалыматка караганда, базарда жаңы жылга чейин өрүк кагы көп болгондуктан баа төмөндөп кеткен. Тактап айтканда 1 килограммы 900 сомго сатылган өрүк 500-600 сомго чейин түшкөн. Жаңы жылдан тарта базарга өрүк кагы аз кирип, баа кайра көтөрүлө баштаган.

Базарда өрүк баргектин 1 килограммы 500 сомдон 800 сомго чейин жетти. Ал эми кара өрүк, дарыланбаган, күнгө кургатылган өрүктүн 1 килограммы 300 сомдон 600 сомго чейин өскөн. Баргекке жарабаган, дарыланган өрүк 45 сомдон 200 сомго чейин сатылган.

  • 2023-жылы апрель айында Баткен районунун тоолуу аймактарында суук аба ырайынан улам өрүктөрдүн гүлүн үшүк уруп кеткен.

2023-жылдын май айында өрүктүн 1 кг абалына жараша 50 сомдон 100 сомго чейин бааланса, июнь айында 1 кг баасы 25 сомдон 30 сомго чейин түшкөн. Буга өрүктүн түшүмү мол болушу, экинчиден кошуна Өзбекстандын өрүктөрү Кыргызстан аркылуу чет өлкөгө экспорттолушу, Өзбекстанда 5-10 сомго арзан сатылышы таасир берген.

Баргек өрүк:

  • Баткен кургатылган өрүктүн баргек түрү кара какка салыштырмалуу бир топ кымбат сатылат. Андыктан көпчүлүгү атайын ыкма менен өрүктөрдү данегинен ажыратып, баргек (баргек — данегинен ажыратылган өрүк) жасашат. 2023-жылы баргектин жогорку сорту 250 сомдон бааланган.
  • 2022-жылы Баткен облусунда кургатылган өрүктүн баасы (баргек) 1000 сомго чейин чыккан болчу.

Баргек жасоо үчүг өрүк өтө эзилип бышып калганга чейин дарагынан алынышы керек. Антпесе эзилип бышкан өрүктүн көрүнүшү бузулуп, өтүмдүүлүгүн жоготуп алат. Өрүк дарактан кагылып алынгандан кийин үкөктөргө салынып, 8-9 саат алтын күкүрт өрүк дарысы менен дымдалып турат. Алтын күкүрт өрүктүн түсүн андан да жакшыртып, күн нуру тийсе дагы түсүн өзгөртпөйт жана курт-кумурскалардан сактайт.

Дымдалган өрүк күн нурунда 3-4 күн жайылып турган соң данегин ажыратып алууга ыңгайлуу болуп, ар бир өрүктүн данеги ажыратылып, баргекке (баргек — данегинен ажыратылган өрүк) айланат.

Баргек күнгө жайылып, качан гана ширеси жок болуп, кургап калган учурда жыйылып алынат. Өрүктүн баргекке эң жарамдуу сорту үч-коргон деп аталат.

Кышындагы баа:

2024-жылдын январь айында Баткен шаарындагы өрүк базары солгундап жатканы кабарланган. Анткени баа арзан. Багбандардын көпчүлүгү баанын көтөрүлүшүн күтүп, өрүктөрүн сактап отурушканы айтылган. Анткени эң кымбат болгон, данеги чыгарылган кара өрүктөр (кара как) өткөн жылы 1000 сомго чейин сатылса, быйыл 400 сомго чейин бааланган. Андыктан таза өрүктөрдү азырынча базардан жолуктуруу кыйын болчу.

Дарыга ышталып, данегинен ажыратылган баргек өрүктөр 400 сомго чейин сатылса, ышталган данектүү өрүктөрдүн 1 килограммы 150 сомго чейин сатылган. Дарыланбаган кара өрүктөр сапатына жараша 150 сомдон, 350 сомго чейин сатылган.

Ал эми данеги чыгарылып, кургатылган кара өрүктөрдүн 1 килограммы 300-400 сомдон, майда, эти жука кара өрүктөр 20-60 сомго чейин бааланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE