Turmush: Баткенде 3 миллиард сом сарптала турган иштер: 1330 метр тоннель казылды

Кыргыз спорт жанылыктары

TurmushПрезидент Садыр Жапаров Кадамжай районунда «Алгакадам» долбоорун ишке ашыруу үчүн дагы 150 млн сом бөлдү. Бул тууралуу «Алгакадам» коомдук бирикмесинин өкүлдөрүнүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев менен болгон жолугушууда белгилүү болду.

Президент 2023-жылы 150 млн сом бөлгөн. Министрлер кабинети 100 млн сом бөлүп, анын 76,8 млн сомуна тоннель казуучу техника алынган.

Долбор Кадамжай шаарынын Кара-Жаңгак массивиндеги 4200 гектар жерди өздөштөрүүгө багытталган. Курулуп жаткан магистралдык канал миңдеген гектар жерди сугат суу менен камсыз кылат.

Каналдын узундугу 29 км 805 метрди түзөт. Ага катар эле 3 тоннель салынат. Алардын жалпы узундугу 6535 метрди түзөт.

Долбоордун алкагында 25 гектар аянтка өндүрүш аймагы түзүлүп, көлөмдөрү 15 млн кубометр жана 3 млн кубометр болгон 2 суу сактагыч пайда болот. Жалпы суу колдонуучулардын саны 7600 кожолука жетет.

«Алгакадам» долбоорунун жалпы наркы 3 млрд сомду түзөт. Бүгүнкү күндө 720 млн сомдук иштер аткарылды. Анын ичинен 400 млн сом президенттин фондунан жана республикалык бюджеттен бөлүнгөн. Элдин салымы 107 млн сомду түздү.

Пример HTML-страницы

3 тоннелди казуу иштери 2 тараптан тең жүрүп жатат. Каражат бөлүнгөнгө чейин куруучулар 1330 метр же 25% казып коюшкан. Президент бөлгөн 150 млн сомго иштин жүрүшүн күчөтүп, 2500 метрден ашуу пландалып жатат. Курулушчулар каржылоо тоннель казуу иштеринин 40% бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк берерин болжолдоп жатышат.

Долбоордун алкагында Алга-Кара тоосунун бийиктиги 50 метр, узуну 210 метр, туурасы 80×20 узундуктагы бөлүгү алынууда.

Жаратылыш кырсыктары болгон учурда атайын суу бөлүштүрүүчү пунктан суу берүү токтотулат.

Бул каналдын курулушу менен 7600 тургун жаңы аймактарда жашай баштоого мүмкүнчүлүк алат. Бул аймактарда бак-дарактарды отургузуу экологиянын абалын оңдойт.

Өкмөт 1 гектар бактан орточо 70 миң сомдон 1500 миң сомго чейин киреше алса болорун билдирген. Бул үй-бүлөлөрдүн кирешесин көбөйтүп, өнүгүүгө түрткү берет.

2023-жылдын декабрында президент Садыр Жапаров Кадамжай шаарына барып, «Алгакадам» ирригациялык каналынын курулушун көрүп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️