Turmush: Атчан жигиттер курчаган кыз улакчы жигитке турмушка чыгууга макулдук берди: Сокулуктагы окуя (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushСокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын 26 жаштагы тургуну Аалы Назаров көк бөрү боюнча мелдеште командасы менен 1-орунду алган соң оюн талаасынан сүйлөшкөн кызынын колун сурады. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Ал эми Аалы мырзанын өзүнүн айтымында, мелдештин финалына чыкса сүйлөшкөн кызынын колун сурайм деп пландап койгонун билдирди.

«Бул оюн Кыргызстандын ичинде муундар арасындагы мелдеш болду. Жалпы 19 команда катышып, ичинен 1998-жылкылар менен 1992-жылкы агалар фниалга чыгып, 3-2 эсеби менен 1998-жылкы жигиттер жеңишке ээ болдук. Көк бөрү мелдешинде финалга чыксак, сүйлөшкөн кызымдын колун сурайм деп ниет кылып койгом. Кудайдын буйругу менен финалга чыгып, 1-орунду алып, сүйлөшкөн кызым Тинатиндин колун сурадым. Эми жакында той болот», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Пример HTML-страницы

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️