Пример HTML-страницы

Turmush: Атасына Куран окутуу үчүн келгенде өлтүрүлгөн бир тууган: Таластагы окуянын чоо-жайы

Кыргыз спорт жанылыктары

Turmush24-июнь күнү Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында изделген 30 жаштагы М. уулу Б.нын сөөгү өзүнүн үйүнүн жер төлөсүнөн табылган. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына маркумдун апасы Назира Жакыпбаева окуянын чоо-жайын айтып берди.

  • М. уулу Б.нын өлүмүнө шектүү катары өзүнүн 26 жаштагы бир тууган иниси М. уулу Ж. кармалган.

Назира Жакыпбаеванын айтымында, улуу баласынын өлүмүнө шектүү деп кармалган кичүү уулунун аялын тергөөдө үйүнө чыгарып жиберишкенин айтып, укук коргоо органдарына кайрылды.

«Мен азыр аябай кан жутуп турам. Улуу баламды жерге бергениме 10 күн болду. Өзүм 25 жашымда 3 балам менен жесир калдым. Улуу кызым оорукчан. Аны өмүр боюу жанымдан чыгарбай карап келем. Андан кийинки уулум 30 жашта болчу (каза болгон баласы). Андан кийинки кичүү уулум 26 жашта.

Ушул экөө жашоодо башка бирөөгө кор болбосун деп, жаштыгымды арнап, эмне жумуш чыкса жан талашып иштеп багып чоңойттум. Экөөнү тең үйлөнттүм. Канча ойлонсом дагы мындай каргаша иш оюма дагы келбейт болчу.

Биз улуу балам, келиним, мен, оорукчан кызым болуп Бишкекке көчүп кеткенбиз. Ал жакта «Ош» базардын тегерегинде баклажка терип иштечүбүз. Кичүү уулум келиним менен бул айылдагы үйдө калышкан. Алардын үйлөнгөнүнө 1 жыл 2 ай болгон. Ортолорунда бала жок.

Улуу балам 20-июнь күнү Бишкек шаарынан келинчеги, оорукчан кызым үчөө болуп айылга кетишти. Буга чейин улуу балам менен келинимдин баласы ымыркай кезинде чарчап калган эле. Уулум «Ошол балам менен атам түшүмө кирип жатат. Айылга мүрзөлөрүнө барып Куран окутуп келем» деп кетти. «Курандын сообу бул жактан деле тиет, барбай эле койчу» десем болбой туруп алды. Анан «жалгыз барбай келинчегиң менен бар» десем, улуу кызымды дагы алып кетели деп, үчөө кеткен. Ал күнү айылдагы балам менен келиним, буларды тосуп албай, кайын журтуна кетип калышыптыр. Телефон чалып «Акеңдер бара жатса, эмнеге кетип каласыңар» деп урушкан элем.

Кичүү балам менен келиним айылда экөө тең иштебейт болчу. Ошондуктан ар бир жума сайын тамак-ашына 2-3 миң сомдон акча салып турчубуз. Ушул кетип жатканда дагы улуу балам «Айылда келиндин телефону жок. Ошого ала барайын, сүйүнүп калсын» деп, арзаныраак уюлдук телефон сатып келиптир. Аябай ичим жылып жөнөткөм.

Өзүнө өлүм табат десем, чыгарбайт элем го үйдөн. Бишкектен чыккандан кийин үйгө түнкү 22:00 чамасында келип, мага «үйгө жеттик» деп телефон чалышкан. «Үйдө жей турган эч нерсе жок, чай ичип эле жатып алдык» дешти. Анан эртеси күнү түштөн кийин кичүү балам, аялы экөө үйгө келип, тамак жасап, чогуу чай ичишиптир.

Анан эле эртеси «балаңыздын дайыны жок» деп чалышты. Мен дагы айылга чыктым. Улуу келинимден сурасам «Эч нерсе билбейм, уктап калыптырбыз» дейт. Кичүү уулум «Жатып алганбыз, турсак эле жок» деп койду. Айылдын баары издөөгө чыгышты. Биринчи күнү үйдөн күтөлү деп кичүү уулумду чыгарган жокмун. Экинчи күнү издөөгө кеткен. 24-июнь күнү үй жактан кичүү баламдын, келинимдин колдоруна кишен салып, «Нивага» салып жатышыптыр. Бизди болсо үйгө киргизип, чыгарбай коюшту. Анан эле улуу баламдын сөөгү табылды дегенди уктум. Мага такыр маалымат жетпей, көп нерсени ойлонуп, башыма эч нерсе келген жок. Баламдын сөөгү табылды дегенде мээмде бардык нерсе өчүп калды. Өзүмө келе албадым.

Андан кийин 2 күндөн кийин кичүү уулум менен келинимди шектүү катары кармашты деп уктум. Жанымда бир туугандарым жүрүштү. Тергөөчүлөр келип, келиним менен балам көрсөтмө бергенде «Саат 16:00 чамасында тамак жасап берип, «сок» алып келип, ошого димедрол кошуп бергем» деп айтыптыр. Кайсы жерге коюп, идиши кайда экенине чейин көрсөтүптүр. Улуу келиним менен кызым уктап калып, балам уктабай, организми дарыны көтөрүп кетиптир. Анан аны короого алдап алып чыгышып, аркасынан тээп кулатып, муунтуп короого сүйрөп киришкен экен. Ал жактан таяк менен башка чаап, кайра жер төлөөгө сүйрөп ташташыптыр. 2 сааттан кийин кайра карашса, балам тирүү болгон экен. Бул факты, анткени айылдагы дарыкана балам менен келинимдин 2 жолу барганы видеого түшүптүр. Биринчисинде барып димедрол менен валерианка алып кетишиптир. Экинчисинде саат 22:00 чамасы окшойт, барып, йод менен бинт алып кетишиптир. Улуу балам өлбөй калганда экөө кайра жаракатын байлайлы дешкен окшойт.

Эмне болду, эмнеге өлтүрүп, кудукка (жер төлөдөгү суу чыгарган кудук) салышты билбейм. Ошол эле жер төлөөгө телефонун дагы таштап коюшкан экен. Издөө учурунда телефонун издегенде үйдү эле көрсөтүп тура бериптир. Экөө тең биринчи, экинчи көрсөтмөлөрүндө тең мойнуна алышып, «мындай кылганбыз» деп көрсөтүп, ошондо келиндин ата-энеси дагы бар болчу. Кызы камалганда кошо кетишкен. Эртеси күнү эле чыгарып алышыптыр. Үчүнчү көрсөтмөсүндө балам «мен жалгыз болчумун» деп айтып калыптыр. Эми мен эне катары өзүнүн оозунан угайын десем жолуктурбай жатышат.

Баламды актабайм. Анткени кылганына жооп берсин. Жүрөгүмдү тилип, бир тууганына кыянаттык кылды. Бирок келин дагы чогуу жоопко тартылсын. Кылганы үчүн жооп берсин. «Мага боло берет экен, кутулуп кетем» деп дагы бирөөнүн шоруна калбасын. 2 балам өмүрү касташкан эмес эле же катуу урушкан эмес. Экөө тең жоош, мага күйгөн балдар эле. Эмне болуп кетти түшүнбөйм.

Көрсө булардын планында мени кошо өлтүрүп, тамды сатып, чет өлкөгө кетмек экен. Бийлик өкүлдөрүнөн суранам, муну жалгыз эле балама жаза тарттырбай, келиним кошо тартсын. Чогуу кылгандан кийин чогуу жаза тартсын. Силерден акыйкан сурайм», — деди ал.

Ал эми, Талас ОИИБдин басма сөз кызматы бул окуя боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

«Материал Бакай-Ата РИИБден Талас ОИИБдин тергөө кызматына алынып, териштирүү иштери башталды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн келинчегинин кыймыл-аракетине юридикалык баа берилет», — деп айтылат маалыматта.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Бакай-Ата районунун Кызыл-Сай айылында изделип жаткан 30 жаштагы М. уулу К.нын сөөгү 24-июнда өзүнүн үйүндөгү жер төлөдөн табылганы белгилүү болгон.

Айылдаштарынын айтымында, ал дайынсыз жоголуп кетти деп 22-июндан бери изделип жаткан. Туугандары белгисиз тарапка кетип, келбей калды деп, айыл тургундары издөөгө жардам беришкен.

Андан кийин 25-июнда Талас ОИИБден анын өлүмүнө шектелип бир тууган иниси кармалганын кабарлашкан.

Маалыматка караганда, 22-июнда милицияга маркумдун 1999-жылы туулган иниси М.Ж. арыз менен кайрылган. Ал 1994-жылы туулган бир тууган агасы М.К. 21-июнь күнү саат 19:00 чамасында үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аталган арыз Бакай-Ата РИИБде каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Анын сөөгү 24-июнда саат 18:30 чамасында өзү жашаган үйдүн сарайынын жер төлөсүнөн табылган. Ал киши колдуу болуп көз жумган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 1-бөлүмү боюнча (адам өлтүрүү) кылмыш иш козголгон. Ыкчам иш-аракеттердин жыйынтыгында кылмышка шектүү катары маркумдун милиция арыз жазган бир тууган иниси М.Ж. кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE