Turmush: Ат-Башыдагы айылда жүрөк-кан тамыр оорулары көбөйүүдө: Адис себебин айтты

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районунун Ак-Жар айылында жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети менен ооругандар көбөйүп жатат. Бул тууралуу Ак-Жар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун клиникалык жетекчиси Бурул Жапарова билдирди.

Анын айтымында, Ак-Жар үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда 1 дарыгер, 4 медайым, 1 кенже кызматкер, 2 тиш дарыгер иштейт. Тейлеген адамдардын саны 3517 киши.

«Жакын жайгашкан Сарай, Жибек, Ак-Көпүрө, Жалгыз-Булак аймактарын дагы тейлейбиз. Азыр оорунун саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Кан басым, жүрөк кан тамыр оорулары, кант диабети көбөйүп жатат», — деди ал.

Адис буга катар эле Ат-Башыда эмне себептен жүрөк-кан тамыр оорулары көп экенин айтып берди.

«Биз туура тамактанбагандыктан көп ооруларды өзүбүз алып келебиз. Мисалы жүрөк-кан тамыр, анемия, лейкоз, ичеги-карын оорулары. Көбүрөөк «углеводдорду» пайдаланабыз. Ал ашказанда жакшы сиңбей, ашказан, ичеги-карын ооруларын алып келет.

Пример HTML-страницы

Мисалы мен эртең менен эрте туруп жарым саат мурун 400 гр суу ичем. Андан кийин гана тамак-аштарды ичип баштайм. Эртең менен турганда бөлмө табындагы жылуу суу ичип, андан кийин көбүрөөк мөмө-жемиштерди жешибиз керек. А биз тескерисинче, камыр тамактарга көбүрөөк басым жасайбыз.

Ат-Башы өрөөнүндө жашагандыктан эт, май, холестерини көп тамактар менен азыктанабыз. Ошондуктан жүрөк-кан тамын оорулары, кан басым оорулары көп болуп жатат. Статистиканы караганда жылдан-жылга жүрөк-кан тамыр оорулары көп. Бийик жердеги абадан дагы болушу мүмкүн деп ойойм. Жашылча, жемиш, мөмөлөр көп. Сабиз, кызылча, капустадан жеңил, сиңимдүү кылып салат жасап жесек жакшы болот. Камыр тамак, «углеводдорду», шекер, тузду көп пайдаланып жатабыз. Медицинада дагы «шекер жана туз — бул «белый смерт» деп бекер айтылган эмес», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️