Turmush: Аскар Акаев өпкөн кыз: Ырчы К.Бектурованын кызыктары (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushАк-Талаа районунун Баетов айылынын кызы Каныкей Бектурова элдик ырларды аткарып, чыгармачылык менен алектенип жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, 1989-жылы Баетов айылында туулган. 1996-2006-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде, ушул эле учурда Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинде 6 жыл билим алып, 2006-жылы Калый Молдобасанов атындагы улуттук консерваториянын фольклор бөлүмүнө тапшырып, оркестр ырчысы жана окутуучу кесибине ээ болуп чыккан. Учурда үй-бүлөлүү, 4 баланын энеси.

Кичинекей комузчу

— Мектепке окуганга чейин эле комуз черткенди үйрөнүп алгам. Ырчы болушума атам түрткү болгон. Анткени атам Шүкүралы Бектуров айылдан чыккан мыкты ырчылардын бири. Ырчылыкка болгон шыгымды көрүп, алгач 4-классымда музыкалык мектепке алып барды. Ал жакка өтө кичинекей деп албай коюшкан. Кийинки жылы тырышып, 4-5 ырды комузга салып чертип, үйрөнүп алып музыкалык мектепке окууга өтүп кеткем. Көбүнчө элдик чыгармаларга басым жасайм. Мектепте окуп жүргөндө элдик ырлар, дастандарды аткарып, көптөгөн фестивалдардын жеңүүчүсү болгом. Кийин дагы окуума байланыштуу, элдик ырларды репертуарыма байма-бай кошуп турдук. Агайым кыргызга аттын кашкасындай таанымал Токтобек Асаналиев, Улукмырза Полотов агай үнүмдүн тембрына жараша элдик ырлар менен эстраданын айкалышындагы үн деп лирикалык ырларды көп сунуштап, сынактарга кабыл алышты. Комуз чертип ырдайм. Буга чейин фортепианодо ойночумун. Азыр мурункудай ойной албай калдым. Бирок өзүм үчүн ойноп ырдай алам.

Бир үйдөгү эки талант

Пример HTML-страницы

— Учурда коомдун, элдин суроо-талабына ылайык эстрада жаатына көбүрөөк басым жасап калдым. Жолдошум Сергек Токтолбеков экөөбүздү үй-бүлөлүк дуэт катары көбүрөк таанып, кабыл алып калышты. Ал экөөбүз бир агымда болгон үчүн түшүнүп, ар дайым мени колдоп келе жатат. Кийген сахна кийимдеримден баштап ырдаган ырларыма чейин өзү чуркап даярдашып, концерт уюштурушуп жардам берет. Эки жакка чыксак дагы алдын ала балдарды калтырганга киши камдап, колунан келген колдоосун көрсөтүп келет. Иш сапар учуранда ар дайым биргебиз. Өзү ырдаса да, ырдабаса да ар дайым чогуубуз.

Чыгармачылык чөйрөдө жүрүү оңой эмес

— Чындыгында сахнада, чыгармачылык чөйрөдө жүрүү оңой эмес. Ал үчүн бир кудайдан берген бак керек окшойт. Эң негизгиси эмгекти аябай талап кылат. Талыкпаган эмгек жана жакындардын колдоосу ийгиликке жеткирет. Үйүң чачылып, тамагың жасалбай калышы мүмкүн. Балаңды бирөө карашып турушу керек деген сыяктуу түйшүктөр бар. Эми, чыгармачылыгыма тиешелүү иште дагы эмгектенем. Атап айтканда Кара-Балта шаарындагы 10-гимназияда музыка сабагынан мугалим, жеке менчик бала бакчада хореограф болуп иштейм. Учурда декреттик өргүүдөмүн. Кечкисин тойлордо кызматтабыз дегендей. Айтор чыгармачылык чөйрөдө жүргөнүмө 10 жыл болуп калыптыр. Иштеп, кайра декретте болуп жүрүп.

Ийгиликтер жана максаттар

— Ийгилигим деп азыркы абалымды эсептейм. Турмушта жоготуудан көрө тапканым көп десем болот. Өзүмдү турмуштун эрке кызы деп сезем. Эң негизги түгөйүмдү идеалдуу деп эсептейм. Мени менен сыймыктанган кайын журтум бар. Өзүмдү мыкты, сүйүктүү келинмин деп сезем. Аны жолдошум дайыма айтып, күн сайын мени мактап, даражамды көтөрүп турат. Ээн-эркин, күлүп-жайнап чоңоюп жаткан балдарым, ата-энем, бир туугандарымдын амандыгы ийгилигим болуп саналат.

Кээде олуттуурак бир иш кылайынчы деп ойлоп кетем. Чыгармачылык чөйрөдө жүрүүгө материалдык абалың дагы негизги роль ойнойт. Алдыда өзүмдү соода-сатык жана психология жаатында көргүм келип жүрөт. Психология демекчи, өзүмдөн жаш сиңдилер, тааныштар, кээде улуу эжелер «сенин көз карашың кандай, мага кеңешиң керек» деп кайрылып калганда кадимкидей мотивация алып калгандай болом. Психологияга кызыгам.

Байке эмнеге түшөбүз?

— Студент кезим эле. Тойго барып келип, күндүз окуп, кечинде түнкү нөөмөт менен дүкөндөрдүн биринде сатуучу-консультант болуп иштечүмүн. Иштен чыгып маршрутканын ичинде далай жолу уктап калган күндөрүм болду. Бир күнү дагы ошентип коомдук унаа менен келе жатып көзүм илинип кетиптир. Ойгонсом эле айдоочу «ушул жерден түшүп калгыла» деп жатыптыр. Терезени карасам, мен түшчү жерге жете элек экенмин. Шашып кетип «байке, эмнеге түшөбүз?» деп катуу кыйкырып жибердим. Маршруткадагы адамдар каткырып күлүп эле калышты. Көрсө бир апа жолдо келе жатып «Дордой базарга жеткенде айтып кой» деп айдоочуга кайра-кайра кайталап келе жатыптыр. Айдоочу ошол апага айтып жатыптыр (күлүп). Элден уялганыман тердеп чыктым. Ошондон кийин маршруткага түшкөн сайын ошону эстеп күлүп калам.

Аскар Акаев өпкөн кыз

— Ал учурда Аскар Акаев президент кези. Мен 1-класска бара элек кезим болсо керек. Ошол учурда кичине катаалыраак турмушта жашадык окшойт. Бирок ата-энем соода-сатык менен дагы алектенип, кыйынчылыкты көргөн деле жокпуз. Апам шаарда тикмечи болуп иштеп жүрдү. Апамды сагынгандан ар кандай нерселерди, окуяларды кыялданып, элестетип ойноп жүрө берчүмүн. Анан эле бир күнү биздин Баетов айылына «президент келет экен, аэропортко вертолёт конот» деп калышты. Аэропорт жакка жакын жерде жашачу элек. Мен, кошуна кыз болуп апасын ээрчип аэропортко бардык. Вертолёт конду. Ичинен Аскар Акаев дагы жанында бир топ кишилер түшүп жатышат. Майда балдар чуркап жөнөдүк. Жанымдагы кыз катуу чуркайт экен. Ал баарыбыздан биринчи президентке жетип барса, Аскар Акаев ал кызды колуна көтөрүп, бетинен өптү. Мен болсо көпчүлүктүн арасында эле калдым. Кайра тиги кыздын үйүнө ойногону бардык. Ал кыздын апасынын курбулары «кызыңды президент өптү» дешип белек-бечкек алып келип берип жатышты. Аны көрүп кыялданып кеткен окшойм да үйгө келип, ал кыздын ордуна өзүмдү айтып, эжелериме мени Акаев көтөргөнүн, бетимден өпкөнүн айтып берип жатам. Эжелерим «ий, чын эле президент колуна көтөрүп, бетинен өөптүр» деп сүйүнүп жатышса, мен «сен Шүкүралынын кызысың да ээ?» деп сурады дептирмин. Эжелеримдин сүйүнүчтөрү ошол жерден токтогон (күлүп). Ошентип, кыялданганымдын калпы чыгып калган.

Бардык нерсе баалуу эле

— Негедир билбейм, мурунку кишилер менен азыр бизди салыштырса, мурункулардай болуп балдарыбызга сарамжалдуулукту үйрөтө албай жатат окшойбуз. Мурда бардык нерсе баалуу эле. Мектепте жакшы оккучумун. Дептерим толуп калса беймаза болуп, калем сабым түгөнүп калса апам кошунаныкынан жарымынан сыясы бар калемсап алып келип берген. Кийин аны кошунабыз доолап келген (күлүп). Кол машинанын челногу арзан эле акча турарын кийин шаарга келип, тигүү цехинде иштеп жүргөндө билдим. Ал кезде ушундай буюмдардын бардыгы эле баалуу болчу да. Тикмечилик, кол өнөрчүлүк кылууга кызыгып көрдүм. Бирок идирегим жок экен, колумдан келбеди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️