Turmush: Арстанбаптагы сел: Дрон менен тартылган видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 24-июлда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылында селдин кесепеттерин жоюу иштери улантылып жатат.

ӨКМдин алдын ала маалыматы боюнча, 9 турак жайды, 1 социалдык объектини жана соода дүкөндөрдү тазалоого 77 куткаруучу тартылып, тазалоо жумуштары саат 07:00дө башталды. Жарандык коргонуу кызматтарынан техникалар тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду калыбына келтирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.

Мындан сырткары селге аккан автоунаа ээлерин тактоо жана унааларын коопсуз жайга чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Арстанбап-Ата айыл аймагынын Арстанбап айылында кечээ, 23-июлда саат 18:30 чамасында нөшөрлүү жааган жамгырдын кесепетинен колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган.

Селдин кесепеттерин жоюуга 23-июль күнү ӨКМден 70 куткаруучу, ал эми ИИМден 50 милиция кызматкери, жарандык коргонуу кызматтарынан 30, жергиликтүү тургундардан 60 адам тартылып, жалпы 210 адам чыккан.

Пример HTML-страницы

Ошондой эле 10 техника тартылган.

Алдын ала маалымат боюнча, селдин кесепетинен 1 оорукананы жана соода үйүн, 5 көпүрөнү, 1 чакырым ички чарбалык жолду сел суулары каптап, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Арстанбап Жалал-Абад облусундагы эң негизги жайкы туристтик багыттардын бири болуп саналат. Бул аймакка күн сайын Кыргызстандын аймактарынан жана Өзбекстандан жүздөгөн туристтер келет.

Арстанбап шаркыратмасынын жанында дээрлик 60 соода объектиси жайгашкан. Соода түндөрүндө сувенирлер, суусундуктар жана башкалар сатылат.

Сезон 2-3 айга созулуп, жергиликтүү тургундар киреше таап калууга шашылат. Алар как, курут жана ар кандай кол эмгектерди сатышат.

50дөй жергиликтүү тургун туристтерге такси кызматын көрсөтөт. Көбүнчө «Нива» жана «УАЗ» унааларын айдашат. Ошондой эле конок үйлөр бар. 2023-жылдын июнь айына карата маалымат боюнча, 52 конок үй бар. Алардын ичинен 18 конок үй жыл бою иштейт. Бул үйлөргө негизинен кышында чет элдик туристтер келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

КЫРГЫЗЧА САЙТ ⚜️