Пример HTML-страницы

Turmush: «Алтын тамга» аттестатын каалаган эмесмин»: Тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн Ибрахим

Акыркы жанылыктар

TurmushАламүдүн районунун бир окуучусу «Алтын тамга» аттестатына ээ болду. Ал — Абдиназаров Ибрахим Таирбекович, Төмөнкү Ала-Арча орто мектебин аяктап жатат.

Ибрахим үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси. Атасы Таирбек Эргешов кесиби боюнча юрист, бирок курулуш материалдар базарында эмгектенет. Апасы Убадат Кунгурова үй кожейкеси.

Бүтүрүүчү 2006-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал аталган мектептин босогосун 2013-жылы аттаган. Тарых, химия, кыргыз тили, англис тили сабактарына кызыгат.

«Алтын тамга» жөнүндө мурун угуп жүрсөм да, аны алууну каалаган эмесмин. Жөн гана катышып коюуну чечкем. Даярданган деле эмесмин, бирок Кудай буйруп, алып калдым. Келечекте дарыгер болгум келет. Чоң атам химия жана биологиядан мугалим болгон. Бош убактымда ата-энеме жардам берип, тарыхый, көңүл ачуучу жана илимий тасмаларды көргөндү жакшы көрөм», — деди ал.

———

2023-2024-окуу жылынын жыйынтыгы менен «Алтын тамга» артыкчылык аттестатын алуу укугун 149 бүтүрүүчү тастыктады.

Аймактар боюнча:

  • Бишкек шаарынан – 68 окуучу,
  • Чүй облусунан – 20 окуучу,
  • Ош облусунан – 17 окуучу,
  • Жалал-Абад облусунан – 9 окуучу,
  • Баткен облусунан – 9 окуучу,
  • Талас облусунан – 8 окуучу,
  • Ысык-Көл облусунан – 6 окуучу,
  • Нарын облусунан – 6 окуучу,
  • Ош шаарынан – 6 окуучу.

Тестирлөө 14-майда республика боюнча 36 пунктта өткөрүлүп, ага 2211 окуучу катышты. Талапкерлер «Алтын тамга» тестин 4 предмет боюнча тапшырышты — математика, эне тили жана адабияты, Кыргызстандын тарыхы жана химия .

«Алтын тамга» тестинин жыйынтыгы боюнча 17-19-майда апелляция жүргүзүлүп, 181 кайрылуу түштү.

Былтыр «Алтын тамга» аттестатына 167 бүтүрүүчү ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE